• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

“Кыргыз темир жолунда” жүк ташуучу вагондор жетишсиз

Жогорку Кеңеш 0

Бишкек, 25-май /Кабар/. Депутат Абдыкапар Султанов бүгүн, 25-майда Жогорку Кеңештин “Ар түрдүү маселелер” саатында “Кыргыз темир жолу” ишканасындагы жүк ташуучу вагондордун жетишсиздигин тармактык комитетте кароону сунуш кылды. Бул тууралуу парламенттин басма сөз кызматы билдирди.

Депутат Абдыкапар Султанов “Кыргыз темир жолу” ишканасындагы көйгөйлөрдү көтөрүп келет. Бул жолу дагы аталган ишканага токтолгон депутат андагы вагон жетишсиздигинен болжол менен 10 миллион АКШ долларынын өлчөмүндөгү өндүрүлгөн товарлар (80-90 тонна) сыртка чыкпай калгандыгын маалымдады. “Түштүк жергесинде өндүрүлгөн товар даяр, аны ала турган коңшу мамлекеттерден кардарлар да даяр, бир гана жүк ташуучу вагондун жетишсиздигинен өндүрүүчүлөр товарларын сата албай жатат”,- дейт депутат. А.Султанов бул маселени Жогорку Кеңештин тармактык комитетинин жыйында өзүнчө маселе катары карап, тиешелүү чечим кабыл алуу керектигин сунуш кылды.

Депутат Карамат Орозова жеке ишкерлер, аларга мамлекет тарабынан берилип жаткан жеңилдиктер тууралуу кеп козгоду. “Өлкөнүн экономикасына жеке ишкерлердин кошкон салымы зор”,- деген депутат мамлекет берип жаткан жеңилдетилген насыялардын көлөмүн жогорулатуу зарылдыгына токтолду. Ошону менен катар айрым ишкерлерге насыя төлөө тарыхындагы төлөө мөөнөтү кечиктирилгени себеп кылынып, насыя берилбей жатканын, насыя төлөөдөгү айрым себептүү жагдайларды насыя берүүчүлөр эске алышы керектигин билдирди.

Пикир

Оставить комментарий