• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

“Кыргызтест” Бишкекте өз борборун ачты

Коом 0

Бишкек, 22.09.17. /Нуркыз Сабырова - Кабар/. Бүгүн, Бишкекте “Кыргызтесттин” имаратынын ачылыш аземи болду. Ага президенттин аппарат жетекчисинин орун басары Эльвира Сариева, экономика министри Антон Новиков, билим берүү министринин орун басары Саллидин Калдыбаев жана мамтил боюнча улуттук комитеттин өкүлдөрү катышты.

Иш чаранын расмий бөлүгү аяктагандан кийин, борбордун адистери келген конокторго экскурсия уюштуруп, кыргыз тилин билүү деңгээлин текшерип көрүүнү сунушташты. Аталган сунушту Новиков колдоп, адистердин көзөмөлү алдында тест тапшырууда.

Новиковдон кийин №62 мектептин 11-классынын окуучулары да тесттен өздөрүн сынап көрүүнү чечишкен.

Борбор Мамлекеттик тил күнүнө карата ачылган. “Кыргызтесттин” имаратында 14 бөлмө жана жыйындар өтүүчү жай бар. Жалпы аянты 500 кв м. Ремонт иштери жана компьютердик жабдыктар үчүн республикалык бюджеттен 7 млн сом бөлүнгөн.

Имараттын дареги: Саманчин 6 көчөсү.

Пикир

Оставить комментарий