• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

“Кыргызтестти” ийгиликтүү тапшырган ӨКМдин кызматкерлери сыйланды

Коом 0

Бишкек, 03.06.19. /Кабар/. Бүгүн, 3-июнда Ош облустук администрациясында өкмөттүн 2017-жылдын 21-ноябрындагы №757 токтомунун алкагында тестти ийгиликтүү тапшырган кызматкерлерге сертификаттар ыйгарылды.

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдиргендей, асмий иш-чарада “Кыргызтест” мамлекеттик мекемесинин директору Батма Топоева-Ставинская сөз сүйлөп, өз сөзүндө “Кыргызтест” мамлекеттик мекемесинин бүгүнкү күндөгү жасап жаткан иштери жөнүндө токтолуп кетти. КР ӨКМнен жогорку жетишкендиктерди багындырган 4 мамлекеттик кызматкер А.Бекилов, А.Айтмаматова, Ы.Абдираимова жана Ж.Базиевдер жогорку даражадагы сертификаттар менен сыйланышты.

Жыйындын жүрүшүндө Ош облусу боюнча“Кыргызтестти” ийгиликтүү тапшырган кызматкерлерге сертификаттар ыйгарылды.

Пикир

Оставить комментарий