• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

“Кыргызжылуулукэнерго” ишканасы күз-кыш мезгилине даяр

Коом 0

Бишкек, 27.09.18. /Кабар/. “Кыргызжылуулукэнерго” мамлекеттик ишканасы күз-кыш мезгилине даяр. Бул тууралуу “Кабар” агенттигинде өткөн маалымат жыйынында МИнын башкы директорунун орун басары Айбек Джурунов билдирди.

Анын айтымында, от казандарды алмаштыруу боюнча тиешелүү болгон бардык иш-чаралар жүргүзүлгөн.

“Өлкө боюнча жалпысынан 131 от казаны бар. Алардын бардыгы эскирген, жаңыланууга муктаж. Көпчүлүгү өткөн кылымдын 60-70-жылдары ишке киргизилген. Мүмкүнчүлүк болгон кезде оңдоо иштерин жүргүзөбүз, эч эле болбой калгандарын алмаштырууга туура келет. Жалпысынан биздин эсеп боюнча толугу менен калыбына келтирүү үчүн болжол менен 800 млн. сом керектелет. Жалпысынан 300 чакырым түтүкчөнү ремонт кылыш керект. Биз аларды 20-25 чакырым кылып бөлүктөргө бөлүүгө аракет кылуудабыз”, - деп билдирди ал.

Джуруев белгилегендей, көмүр жана мазуттар жер-жерлерге 50% жеткирилген.

“Учурда жерине жеткирүү боюнча иштер уланууда”, - деп кошумчалады ал.

Пикир

Оставить комментарий