• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

“Кыргызжылуулукэнерго” ишканасынын 43 миң абоненти бар, анын 10 пайызга жакыны карызы барлар

Коом 0

Бишкек, 27.09.18. /Кабар/. “Кыргызжылуулукэнерго” мамлекеттик ишканасынын 43 миң абоненти бар. Анын 10 пайызга жакыны карызы барлар. Бул тууралуу “Кабар” агенттигинде өткөн маалымат жыйынында аталган ишкананын башкы директорунун орун басары Айбек Джурунов билдирди.

Анын айтымында, аларда көп жылдан бери жылуулук үчүн төлөөдөн баш тартып келе жаткан абоненттер бар.

“Биз алар менен соттошуп жатабыз. Биз электр энергиясы үчүн жасалгандай эле алар төлөбөй койгондугу үчүн өчүрө албайбыз. Кышында жылуулукту өчүрүп коюу адамдык сапатка жатпай калмак. Чындыгында эле төлөй албай турган адамдар бар”, - деди ал.

Пикир

Оставить комментарий