• 89.51
  • 97.5
  • 0.97

«Кыргызжылуулукэнерго» ишканасынын кызматкерлерине эмгек акы төлөөнүн шарттары аныкталды

Өкмөт 0

Бишкек, 12.08.22. /Кабар/. «Кыргызжылуулукэнерго» мамлекеттик ишканасынын республикалык адистештирилген комбинатынын кызматкерлерине эмгек акы төлөө шарттары аныкталды.

Тиешелүү чечимге Министрлер Кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров кол койду.

Мындай чечим “Кыргызжылуулукэнерго” мамлекеттик ишканасынын республикалык адистештирилген заводунун кызматкерлерине эмгек акы төлөө системасын өркүндөтүү жана тартипке келтирүү максатында кабыл алынды.

Анын негизинде «КР Министрлер Кабинети жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык КР Министрлер Кабинети «Кыргызжылуулукэнерго» мамлекеттик ишканасынын республикалык адистештирилген комбинатынын кызматкерлеринин кызматтык маянасын эсептөөдө минималдуу базалык ставканы белгилейт.

Ошону менен катар «Кыргызжылуулукэнерго» мамлекеттик ишканасынын республикалык адистештирилген комбинатынын кызматкерлеринин кызматтык маяналарынын өлчөмдөрүн аныктоодо колдонулуучу кызматтык маянага эселөө коэффициенттери бекитилди.

Пикир

Оставить комментарий