• 89.51
  • 97.5
  • 0.97

Кыргызстанда дем алышта 16 өрт кырсыгы катталды

Кырсык 0

Бишкек, 27.06.22. /Кабар/. Кыргызстанда дем алышта 16 өрт кырсыгы катталды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, анын ичинде Бишкек шаарында 3, Чүй облусунда 6, Ош облусунда 2, Жалал-Абад облусунда 1, Баткен облусунда 1, Ысык-Көл облусунда 2, Талас облусунда 1 өрт кырсыгы катталып, өрттү өчүрүүгө 19 бөлүм тартылган.

Ошентип, Токмок шаарында “Орзу” кафесинин ашканасында 2 чарчы метр пол күйгөн. Өрттүн себеби такталууда.

Кара-Балта шаарында жалпы аянты 28 чарчы метр болгон гараж толугу менен күйгөн. Өрттүн себеби такталууда.

Октябрь районунда жыгач устундуу шифер менен жабылган кампанын 40 чарчы метр чатыры, 3 муздаткыч, жыгач эшик жана терезе күйгөн. Өрттүн себеби такталууда.

Пикир

Оставить комментарий