• 89.51
  • 96.93
  • 0.97

Кырсыктардын тобокелин азайтуу күнүнө арналган бир айлык жүрүүдө - ӨКМ

Коом 0

Бишкек, 23.09.18. /Кабар/. 5-октябрь Кырсыктардын тобокелдигин азайтуу күнүнө карата жарыяланган бир айлыктын алкагында Чүй облусунуну Токмок шаарында 22-сентябрда салтанаттуу иш-чаралар өткөрүлдү. Иш-чарага Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин жетекчилиги, өздүк курам, жергиликтүү бийлик, жашоочулар, мектеп окуучулары, эл аралык уюмдар, облустук Жарандык коргонуу кызматтары катышты.

Иш-чара салтанаттуу жөө жүрүштөн башталып, КР ӨКМнин Чүй облустук башкармалыгынын өздүк курамы тарабынан куткаруу шаймандары, техникалары, авариялык-куткаруу шаймандары катышуучуларга көрсөтүлүп, жол кырсыгында биринчи медициналык жардам көрсөтүү жана жабырлануучуну туура транспортоо, викториналар, жеңүүчүлөрдү сыйлоо, өрт колдонмо спорту, лафетный ствол менен өрт өчүрүү менен коштолду.

Мындан тышкары иш-чара салтанаттуу ыр, бийлер менен коштолуп, катышуучуларга бал муздак, тамак-аш жана кырсыктардын тобокелдигин азайтуу тууралуу маалыматтык баракчалар таркатылды. Андан соң ӨКМдин жана Жарандык коргонуу кызматтарынын атайын техникаларынын парады болуп, кечээ салют менен коштолду.

Кыргыз Республикасында кырсыктардын тобокелин азайтуу күнүн белгилөөнүн негизги максаты табигый кырсыктардын коркунучун төмөндөтүү чөйрөсүндө билим берүү системасын өркүндөтүү жана өзгөчө кырдаалдарда калктын жүрүм турум саясатын түзүү, түшүндүрүү иштерин жүргүзүү болуп саналат. Ошондой эле өзгөчө кырдаалдардан калкты жана аймактарды коргоонун актуалдуулугун жогорулатат жана мартабасын ашырат. Анткени күчтөрдү бириктирүү аркылуу гана өзгөчө кырдаалдар коркунучуна даяр болуу мүмкүн.

Жыйынтыктоочу иш-чара Бишкек шаарында өткөрүлмөкчү. 5-октябрь күнү илимий-практикалык конференция болуп, анын жүрүшүндө кырсыктардын тобокелдигин азайтуу багытында талкуулар болмокчу.

Пикир

Оставить комментарий