• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

Кырсыктын кесепеттерин жоюу боюнча Өкмөттүн иштери

Өкмөт 0

Ош облусунун Өзгөн жана Чоң-Алай райондорундагы жаратылыш кырсыктарынын кесепеттерин жоюу, социалдык объектилерди куруу маселеси боюнча премьер-министр Сооронбай Жээнбеков 28-июнда өткөргөн жыйында айтылган тиешелүү мамлекеттик органдар кырсыктын кесепеттерин тез арада жоюу, анын ичинде социалдык объектилерди куруу боюнча конкреттүү иш-чараларды ишке ашыра баштады. Айрыкча, архитектура, курулуш турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин алдына райондорго мектеп, оорукана куруп, жабыркаган айылдарды таза суу менен камсыз кылуу боюнча өзүнчө талаптар коюлган эле. Чоң-Алай районунун климаттык шартын эске алган премьер-министр курулуш иштерин тездетүү тууралуу катуу тапшырмаларды койгон.

Өкмөт башчынын тапшырма берүүсүнөн көп өтпөй иштин жүрүшү кызуу темпте башталды. Аталган аймактарда объекттердин курулушу 2017-жылдын 5-июлунда башталып, 5-ноябрда аягына чыгарылышы бекитилген. Алардын катарында Чоң-Алай районуна эки мектеп, эки оорукана, Ош облусунун Өзгөн районуна төрт мектеп жана Жалал-Абад облусунун Сузак районуна бир мектеп салынат. Дал ошол жыйында өкмөт башчы өлкө аймактарындагы авариялык абалдагы мектептердин имаратынын курулушун ыкчам аяктоо пландары жөнүндөгү маселени кабыргасынан койгон эле. Андагы коюлган маселеге ылайык жакынкы аралыкта алардын ичинен 14 объекти боюнча иштерди баштоо пландалууда. Өкмөт башчыбыздын түштүк аймагы боюнча иш сапарында жаратылыш кырсыгынан жабыркаган жарандарыбыз менен аймактар эч убакта көңүл сыртында калбастыгын, мамлекет менен өкмөт бул жаатта баардык күчтү жумшай турганын баса белгилеп кайткан. Көп өтпөй Сооронбай Жээнбековдун түштүк калаасында өткөргөн кеңешмеси боюнча коюлган тапшырмалар ыкчамдатылган таризде өкмөт жана тиешелүү жетекчилер ишке кызуу киришти.

Премьер-министр С.Жээнбековдун 10 күн мурун берген тапшырмасын илгиртпей илип алган 1-вице-премьер-министр Мухамметкалый Абулгазиев апта башында 2017-жылдын май айында жер титирөөдөн жабыркаган Ош облусунун Чоң-Алай районундагы Кара-Тейит, Кара-Мык жана Жекенди айылдарынын жашоочулары менен жолугушуп кайтты. Иш-сапардын жүрүшүндө биринчи вице-премьер-министр жаңы үйлөрдүн курулушу менен таанышты. Жолугушууда электр энергиясы, ичүүчү суу менен камсыз кылуу жана социалдык керектөө муктаждыктары сындуу көпчүлүктүн көйгөйлөрү көтөрүлдү. Мухамметкалый Абулгазиев өкмөттүн Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Таалайбек Сарыбашевге көтөрүлгөн бардык көйгөйлүү маселелердин чечилишин көзөмөлгө алууну жеринде тапшырды. Ал эскерткендей, жабыркагандарга өкмөт тарабынан камкордуктар көрүлүп, курулуш материалдары базар баасынан төмөнкү баада жеткирилүүдө.

М. Абулгазиев ошондой эле Ош облусунун Чоң-Алай районундагы Кара-Мык, Жекенди айылдарындагы аймактык ооруканалардын жана Шибээ, Кулчу айылдарындагы орто мектептин курулушунун жүрүшүн көрүп, премьер-министр тарабынан берилген тапшырмалар өз деңгээлинде аткарылып, өкмөт тараптан тийиштүү болгон жардамдар көрүлө тураарын белгилеп кайтты. Түштүккө болгон иш сапары учурунда М. Абулгазиев жергиликтүү элге “өзгөчө кырдаалдардын жыйынтыгында жабыркаган жарандарды жеңилдетилген насыя менен каржылоо маселеси чечилет. Жабыркаган жарандар төмөнкү пайыздагы узак мөөнөттүү насыя алышат” деген пикирин билдирип, кыргыз Өкмөтү бул жаатта татыктуу иштерди аткарып жаткандыгын далилдеди.

Мындай иштер С.Жээнбековдун көзөмөлүндө туруп, ал кишинин жеке кийлигишүүсүнүн артында тиешелүү баардык муктаждыктар чечилип жатканда Өкмөт башчынын жаратылыш кырсыгынан жабыркаган аймактарга көрүп жаткан камкордугун эми жергиликтүү жетекчилер илгиртпей түшүнүшүп, ишти ыкчамдатуулары зарыл. Кыштын камы үчүн ар бир мүнөттү баалаган өкмөт жетекчиси баарыбызга стимул берип турган мындай шартта тиешелүү жетекчилер ишти так жана убагында майын чыгара аткарышы абзел. Ошондо гана жалпы жыйынтык бааланат.

“Кабар” МАБ

Пикир

Оставить комментарий