• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

Кырсыктын тобокелдигин азайтуу күнү: ӨКМ комплекстүү иш-чараларды өткөрдү

Коом 0

Бишкек, 05.10.21. /Кабар/. 5-октябрь - Кырсыктын тобокелдигин азайтуу күнүн утурлай Өзгөчө кырдаалдар министрлиги республикалык деңгээлде калктын өзгөчө кырдаалдарда өзүн-өзү сактоо ыкмалары жөнүндө билимин жана маалымдуулугун жогорулатуу боюнча комплекстүү иш-чаралар өткөрүлдү.

ӨКМден билдиришкендей, куткаруу кызматтарында жана өрт өчүрүү бөлүмдөрүндө жалпы билим берүүчү мектептердин жана мектепке чейинки билим берүү мекемелеринин окуучулары үчүн “Ачык эшик” күнү өткөрүлдү.

Иш-чаранын алкагында атайын көргөзмө сабак өттү:

Бишкектеги №64 орто мектепте машыгуу учурунда өрт сигнализациясы иштей баштады . Автоматтык түрдө өрт сигнализациясы иштей баштагандан кийин мугалимдер ыкчам түрдө эвакуация пландарына ылайык окуучуларды мектептин имаратынан алып чыгышты. Мугалимдер окуучулардын тизмесин текшерип, маалыматты мектеп директоруна билдиришти.

Мектептин экинчи кабатынын ичи түтүнгө толуп, эки адам имараттан убагында чыга албай калышкан. Окуя болгон жерге келген биринчи өрт-куткаруу бөлүктөрүнүн күчтөрү аларды куткарууга жөнөтүлгөн. Жабыркагандар өрт тепкичтеринин жардамы менен терезеден куткарылып, андан кийин куткаруучулар жабырлануучуларды тез жардам бригадасына жеткиришкен. Жабыркагандарга жеринде биринчи медициналык жардам көрсөтүлдү.

Ушундай эле көнүгүүлөр орто билим берүү мекемелеринин окуучулары үчүн жана республиканын бардык аймагындагы мектепке чейинки билим берүү мекемелеринде өткөрүлдү.

Иш-чаралардын жүрүшүндө ӨКМдин мугалимдери жана кызматкерлери табигый жана техногендик мүнөздөгү өзгөчө кырдаалдарда аракеттер жана жүрүм-турум эрежелери боюнча ачык сабактарды, тарбиялык викториналарды өткөрүштү. Ошондой эле өзгөчө кырдаал учурундагы жүрүм-турум эрежелери тууралуу видео көрсөтүлдү.

Окуу көнүгүүлөрүн өткөрүүнүн негизги максаты — мектептерде жана мектепке чейинки билим берүү мекемелеринде өрт жана өзгөчө кырдаалдар учурунда жумушчулардын, окуучулардын ден соолугу, өмүрү үчүн тез жана коопсуз эвакуациялоого билим берүү мекемесинин даярдыгын комплекстүү текшерүү.

Пикир

Оставить комментарий