• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Кыргызстандын түштүгүндө сууга чөгүп кеткен эки адамдын денеси изделүүдө

Кырсык 0

Бишкек, 06.08.18. /Кабар/. Кыргызстандын түштүгүндө сууга чөгүп кеткен эки адамдын жансыз денеси изделүүдө.

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришкендей, 4-августта саат 15:30 чамасында Жалал-Абад облусунун Таш-Көмүр шаарында 1988-жылы туулган Б.З. аттуу жаран чөгүп кеткендиги тууралуу маалымат келип түшкөн.

Анын денесин издөө иштерине 17 куткаруучу тартылып, 20:00дө караңгы түшкөнүнө байланыштуу токтотулган. Издөө иштери бүгүн кайра уланууда.

Ошондой эле Ош облусундагы Кемпир-Абад суу сактагычына 5-августта саат 18:30 чамасында 2005-жылы төрөлгөн Б. уулу Д. аттуу өспүрүм чөгүп кеткен. Куткаруучулар анын жансыз денесин издешүүдө.

Пикир

Оставить комментарий