• 89.51
  • 96.93
  • 0.97

Кыш мезгилинде мектеп окуучуларынын жол коопсуздугун алдын алуу чаралары күчөтүлөт

Өкмөт 0

Бишкек, 05.11.18. /Кабар/. Кыш мезгилинде мектеп окуучуларынын жол коопсуздугун камсыздоо чаралары күчөтүлөт. Бул тууралуу Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри Алтынай Өмүрбекова авто унаа жолдоруна жакын жайгашкан мектептерде окуучулардын жол коопсуздугун алдын алуу жана камсыз кылууга арналган кеңешмеде билдирди, - деп маалымдайт өкмөттүн аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмү.

Кеңешмеде жол боюнда жайгашкан мектептерде окуучулардын коопсуздугун алдын алуу, коргоо иштеринде ата-энелерге жардам көрсөтүү үчүн ыктыярдуу кошуундарды, валонтерлорду, студенттерди тартуу маселелери каралды.

Вице-премьер-министр белгилегендей, Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим минисрлиги менен Ички иштер министрлиги биргеликте 2018-жылдын 29-октябрында «Кыргыз Республикасында 2018-2019-жылдарга жол коопсуздугу тутумун реформалоо боюнча иш-чаралар планын бекитүү жөнүндөгү» Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Токтому кабыл алынган.

Аталган планды ишке ашыруунун жүрүшү тууралуу Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин Жол кыймылы коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын башчысынын орун басары Нур Сатыбалдиев маалымат берди.

Бүгүнкү күндө Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин кызматкерлери мектепке жакын аймактагы кооптуу участкаларда жана жол кесилиштеринде белгиленген график менен нөөмөттө турушат. Ошондой эле балдардын жол коопсуздугун сактоо жана коргоо ишине студенттерден турган ыктыярчылар жардамга тартылууда. Мындай иш аракеттердин натыйжасында акыркы тогуз айда жаш балдардын жана мектеп окуучуларынын катышуусундагы жол кырсыктары азайган.

Кеңешменин жыйынтыгында Алтынай Өмүрбекова Билим берүү министрлигине мектеп окуучуларынын жол кыймылынын эрежелери жөнүндө маалымдуулугун арттыруу боюнча бир катар тапшырмаларды берди. Мындан тышкары ыктыярдуу топтор менен биргеликте соода түйүндөрүнө жакын жайгашкан аймактагы мектептерде окуучулардын коопсуздугун камсыз кылуу чараларын күчөтүүнү, ошондой эле калк арасында жол кыймылы эрежелерин сактоо боюнча кеңири маалыматтык түшүндүрүү иштерин жүргүзүүнү тапшырды.

Пикир

Оставить комментарий