• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Кышка камылга. "Тазалык" муниципалдык ишканасы кышка даярдыктарды көрүүдө

Коом 0

Бишкек, 26.08.20. /Кабар/. «Тазалык» муниципалдык ишканасы кышка даярдыктарды көрүүдө. Бул тууралуу Бишкек мэриясынын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, «Тазалык» ишканасы шаардын көчөлөрүнө жана тротуарларына себүү үчүн туз камдоодо. Күз-кыш мезгилинде тазалоо иштери 1-ноябрдан баштап март айынын башында жыйынтыкталат.

«25-августка карата ишкананын кампасында 1 миң 216 тонна туз бар, анын ичинен 543 тонна жакында алынды, 673 тонна өткөн жылдан калган туз. Кыш мезгилине 6 миң 500 тонна туз даярдоо пландалууда. Жолдорду кардан жана муздан 26 бирдик атайын техника тазалайт», - деп айтылат маалыматта.

Белгилей кетсек, күз-кыш мезгилиндеги тазалоо иштери Бишкек шаарынын көрктөндүрүү эрежелеринин талаптарына ылайык жүргүзүлөт.

Пикир

Оставить комментарий