• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

Кышкы Олимпиада оюндары: КТРК оюндун жүрүшүн көрсөтөт

Спорт 0

Бишкек, 09.02.18. /Мехриниса Сулайманова – Кабар/. КТРК жана КТРК Спорт Түштүк Кореянын Пхенчхан шаарында өтө турган XXIII кышкы Олимпиада оюндарын көрсөтөт. Бул тууралуу каналдын башкы директору Илим Карыпбеков өзүнүн социалдык түйүндөгү баракчасында билдирет.

“Көпкө созулган сүйлөшүүлөр өзүнүн оң натыйжасын берди! Түштүк Кореяда боло турган кышкы Олимп оюндарынын лицензиясы КТРКда! Бүгүнн ачылыш аземин КТРК жана КТРК Спорт каналдарынан көрүңүздөр”,-деп жазган ал.

Кышкы Олимпиада-2018 иш чарасынын расмий ачылышында Кыргызстандын желегин биатлончу Тариэль Жаркымбаев көтөрүп чыгат.

Пикир

Оставить комментарий