• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Кышкы туризм боюнча Кыргызстандын потенциалы чоң

Коом 0

Бишкек, 16.12.19. / Кабар/. Кыргызстандын Туризм департаменти өлкөдөгү туризмди өнүктүрүү боюнча пландары тууралуу айтып берди.

“Кабар” агенттигинде өткөн маалымат жыйында Туризм департаментинин директору Максат Дамир уулу билдиргендей, инвестиция тартуу жана инфраструктураны жакшыртуу боюнча максаттар аныкталды.

“Биз кышкы туризмди өнүктүрүү боюнча иш чаралардын планын иштеп чыктык. Бүгүнкү күндө Кыргызстанда 22 кышкы тоо лыжа базасы бар, алардын болгону 16сы гана иштейт. Ошондуктан биз инвестиция тартуу жана инфраструктураны жакшыртуу боюнча максаттарды койдук. Кыш түшкөнгө чейин Департамент бир катар долбоорлорду сунуштаган. Мисалы Бишкекке Грузиядан тоо лыжа базаларын өнүктүрүү боюнча өкүлдөрдү чакырганбыз. Алар борбордун жана Ош шаарынын тегерегинде жайгашкан базалардын баарын кыдырып чыгышты”, - деп билдирди ал.

Максат Дамир уулу билдиргендей, президент Сооронбай Жээнбековдун Швецарияга болгон иш сапарынын алкагында туризм боюнча эки документке кол коюлган.

Департаменттин директору белгилегендей, Кыргызстандын кышкы туризм боюнча потенциалы чоң.

Пикир

Оставить комментарий