• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Кышкы туризм. Садыр Жапаров чет өлкөлүк туристтерди Кыргызстанга чакырды

Президент 0

Бишкек, 01.01.21. /Кабар/. Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров өзүнүн социалдык тармактагы баракчасына видео жүктөп, анда чет өлкөлүк туристтерди Кыргызстанга келип эс алып кетүүгө чакырды.

Президент Ысык-Көлдөгү Каракол лыжа базасы дүйнөдөгү эң ондукка кирген лыжа базасы экендигин айтып, баардыгын лыжа тебүүгө чакырды.

"Бул жерде трассанын узундугу 4,5 чакырымды түзөт, бардык шарттар каралган. Мындай тышкары, Орловка, ЗИЛ, Нооруз, Кашка-Суу, Чуңкурчак деген лыжа базаларыбыз бар. Чет өлкөлүк досторду, туристтерди чакырам. Келип лыжа тээп, эс алып кетиңиздер", - дейт президент.

Пикир

Оставить комментарий