• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Кышында Ош шаарынын көчөлөрүн 4 ишкана кар-муздан тазалайт

Аймак 0

Бишкек, 15.11.21. /Кабар/. Кышында Ош шаарынын көчөлөрүн 4 ишкана кар-муздан тазалайт. Бул тууралуу Ош шаарынын вице-мэри Сонунбек Жунусбаев өткөн аптада өткөн мэриянын коллегиялык жыйынында билдирди.

Белгилей кетсек, жыйында шаардын экономика тармактарын жана калкын 2021-2022-жылдардагы күзгү-кышкы мезгилине даярдыктарды көрүүнүн жыйынтыгы жөнүндө вице-мэр Сонунбек Жунусбаев маалымат берди.

"Жылытуу сезонуна карата даярдык көрүү иштери бекитилген иш- чараларынын негизинде аткарылып, Ош шаарынын мэриясынын буйругунун негизинде 2021-жылдын 22-октябрынан баштап керектөөчүлөргө жылуулук берүү башталды.

Шаарды жылуулук менен негизинен Оштогу жылуулук электр борбору жана Ош муниципалдык "Жылуулуккамсыздоо" ишканасы камсыз кылат.

Оштогу жылуулук электр борборунда 2021-жылдын 1-ноябрына карата 3 даана буу казандар толугу менен жылуулук берүүгө даярдалып, 22-октябрдан шаарыбыздын тургундарына жылуулук берүү башталып, учурда 36 билим берүү, 12 саламаттыкты сактоо, 8 жогорку окуу жайын, 5 өнөр-жай мекемелери жана 289 көп кабаттуу үйлөрдү, ж.б. 248 мекемени жылуулук менен камсыз кылууда.

Оштогу ЖЭБнин балансында узундугу 58,757 чакырым тармактары бар, анын ичинде: магистралдык – 29 711 чакырым, кварталдык – 29 046 чакырым жылуулук тармактарды түзөт. Ал магистралдык жана кварталдык тармактарынын 785,0 п.м. кубурлары капиталдык жана күндөлүк оңдоодон өткөрүлүп, алмаштырылды. Ошону менен бирге 661,78 чарчы метр кварталдык жылуулук сактоо (теплоизоляция) жумуштары аткарылып, жалпысынан жылуулук тармактарынын 1047 даана бекитме арматуралары текшерилип, күндөлүк оңдоодон өткөрүлдү.

Мазут даярдоо иштери боюнча 2021-жылдын 1-ноябрына карата “Кыргызнефтегаз” ААКы тарабынан түзүлгөн эки тараптуу келишимдердин негизинде көлөмү 8835,0 тонна мазут отунун ташылынып келинип (35,3%) түздү. Андан тышкары, "Газпром Кыргызстан" ЖЧКсы менен 3 млн м3 жаратылыш газын алууга келишим түзүлдү.

2021-жылдын 11-ноябрына карата мазуттун калганы 8358,0 тонна.

Ош муниципалдык "Жылуулуккамсыздоо" ишканасында 90 отканасы бар. Анын ичинен 20 откана электр энергиясы, 70 откана көмүр менен иштетилет.

2021/2022-жылдардагы жылуулук мезгилине даярдык көрүү боюнча үстүбүздөгү жылдын 1-октябрына карата графикте көрсөтүлгөн 90 откана толугу менен жылуулук берүүгө даярдалып, 2021-жылдын 21-октябрындагы №384-б буйругунун негизинде шаарыбызга жылуулук берилип, учурда 86 откана иштеп, жалпысынан 303 көп кабаттуу үйлөрдү, 35 мектепти, 28 балдар бакчасын, 11 дарылоо мекемесин, 9 жогорку окуу жайын, бардыгы болуп 97 мекемени жана 245 жеке менчик үйлөрдү жылуулук менен камсыз кылууда.

2021-жылдын 11-ноябрына карата көмүрдүн калганы 7301,0 тонна.

“Ош шаардык жолдор” муниципалдык ишканасы күз-кыш өнөктүгүн өткөрүү боюнча ош шаарында 695 километр жол бар. Анын 630 километри Ош шаарынын карамагында, 57 километри транспорт жана жол министрлигинин карамагында, 7,85 километри Карасуу районунун карамагына кирет. Шаардын жолдору төрт участкага бөлүнүп, жолдорду кар-муздан тазалоо боюнча атайын техникалары бар төрт ишканага бекитилип берилген. Алар: “Ош-Тазалык” атайын адистештирилген муниципалдык ишканасы – 53,2 километрди тазалайт, “Оштогу көрктөндүрүү жана жашылдандыруу чарба комбинаты” муниципалдык ишканасы – 33 километр жолду тазалайт, ДЭП-21 жолдорду тейлөө ишканасы – 47,8 километрди, “Ош шаардык жолдор” муниципалдык ишканасына 2 участокко бөлүнгөн жалпы узундугу – 33,2 километр. Жалпы 167,2 километр жолдор түзөт.

Кыш мезгилинде сарпталган каражат аба ырайына байланыштуу болот. Ар бир жолу чыгып себилген туздун көлөмү 10-15 тоннаны түзөт, орто эсеп менен жылына 100-110 тоннадай техникалык туз, ошондой эле 15-20 тонна кум себилет. Азыркы учурда ишканада туздун калган көлөмү 3 тоннаны түзөт. Техникалык туздун 1 тоннасынын орточо баасы 80,0-88,0 миң сом, ал эми кумдун орточо баасы 20,0-25,0 миң сомду түзөт. Ишканада атайын кар-муздан тазалоого эки даана кар сүрүүчү техника керектелет. Техникалык туз жана кум себүү үчүн эки даана камаз, бир даана Исузу манипулятор автоунаасы, жумушчуларды ташууга бир даана портер, кум жана туз жүктөөгө бир даана эксковатор, бир даана автогрейдер техникаларын күз-кыш мезгилин ийгиликтүү өткөрүүгө даярдоо жумуштары аткарылып жатат.

ДЭП-21 ишканасында кар сүрүү үчүн 4 атайын техника, туз чачуугу ж.б. иштерге 4 техника даярдалган. Учурда 15 тонна туз жана 500 тонна материалдар даярдалды.

“Ош-Тазалык” атайын адистештирилген муниципалдык ишканасында кар сүрүү үчүн 4 атайын техника, туз чачуугу ж.б. иштерге 4 техника даярдалган. Учурда 8 тонна туз жана 26 тонна кум даярдалды.

“Оштогу көрктөндүрүү жана жашылдандыруу чарба комбинаты” муниципалдык ишканасында 3 кар сүрүүчү, 4 кум чачуучу жалпысынан 7 техника даярдалууда. Азыркы учурда туздун 2 тонна, кумдун 10 тонна калдыгы бар. Күнөскаларды жылытууга керектүү өлчөмдө (91,3 тонна) көмүр даярдалды. Жолдорго чачылуучу техникалык тузду жана кумду, техникалардын күйүүчү, майлоочу заттарды жана запастык тетиктерди сатып алууга акча каражаты чечилсе, сатып алуу үчүн тендерлер жарыяланат.

Жылытуу сезонун өз деңгээлинде өткөрүү ар дайым мэрия тарабынан көзөмөлгө алынып, тийиштүү иш-чаралар жүргүзүлүп жатат", - деди вице-мэр Жунусбаев.

Пикир

Оставить комментарий