• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Кыска мөөнөттө аткаруу бийлигинин жаңы моделин түзүү керек — Жапаров

Президент 0

Бишкек, 05.05.21. /Кабар/. Кыска мөөнөттө аткаруу бийлигинин жаңы моделин түзүү керек. Бул тууралуу президент Садыр Жапаров элге кайрылуу жасап жатып билдирди.

“Кыска мөөнөттүн ичинде жалпы мамлекеттик аппараттын ишин кайра карап, түп-тамырынан бери реформалап, кесипкөй жана коомдун кызыкчылыктары үчүн кызмат кылууга ылайыкталган аткаруу бийлигинин системасынын жаңы моделин курабыз”, - деди ал.

Мамлекет башчы белгилегендей, ошол эле мезгилде бүгүнкү кабыл алынган Конституцияга ылайык, кадр саясатынын эффективдүүлүгү үчүн жана мамлекеттик кызматкерлерге социалдык пакеттердин каралышын эске алуу менен „Келечек“ программасын иштеп чыгып, жакынкы арада сунуштоону тапшырды.

Пикир

Оставить комментарий