• 88.91
  • 94.75
  • 0.95

Кытай 15 медицина мекемесин видео байланыш техникалары менен жабдыды

Ден соолук 0

Бишкек, 14-июль /Нуркыз Сабырова – Кабар/. Үрүмчү шаарынын бийлик өкүлдөрү Кыргызстандагы 15 медициналык мекемеге телемедициналык жабдыктарын орнотуп берди.

Саламаттык сактоо министрлигинин басма сөз кызматынын маалыматына ылайык, 12-июлда “Жибек жолундагы трансчекаралык дистанциондук медициналык кызмат платформасы” долбоорунун алкагында эки өлкөнүн адистери медицина тармагында тесттик консультация видео байланышын өткөрүштү. Бул долбоорду ишке ашырууда кытай тарап өлкөнүн аймактык медицина мекемелерине компьютердик жана онлайн жабдыктарды орнотуп берди.

Белгилүү болгондой долбоорду ишке ашырууда медкызматкерлеринин дистанциондук кызматташуусу алардын кесипкөйлүгүн жогорулатат. Улуттук госпиталдын тажрыйбалуу дарыгерлери эми башка аймактардагы кесиптештеринин кыймыл аракетин дистанциондук түрдө көзөмөлдөп, аларга онлайн режиминде кеңеш бере алышат.

Пикир

Оставить комментарий