• 89.51
  • 97.5
  • 0.97

Кытай 2 миңдей казакка өлкөдөн чыгууга уруксат берди

ММК БА ТУУРАЛУУ 0

Бишкек, 11.12.18. /Кабар/. Кытай бийлиги 2 миңден ашуун этникалык казактарга Казакстанга чыгып кетүүгө уруксат берди. Бул тууралуу Казакстандын Тышкы иштер министрлигинин расмий өкүлү Айбек Смадияров 10-декабрда Астанадагы брифингде билдирди.

"Кытай тарап жакшы санаалаштык иретинде 2 миңден ашуун казактарга Кытайдын аймагынан чыгууга уруксат берди. Алар кармалган адамдар эмес, өлкөдөн чыга албай жаткандар",-деп тактады министрликтин өкүлү.

Маалыматка ылайык, расмий Бээжин мындай уруксатты Кытай жана Казакстандын жарандыгы бар казактарга гана берди.

Кытайда уйгурлар менен кошо казактардын да укугу бузулуп жатканы, алар саясий лагерлерде негизсиз кармалып турганы тууралуу кабарлар 2017-жылдын жаз айларынан бери токтобой келет.

Расмий Бээжин дооматтарды толугу менен четке кагып, тарбия лагерлерин кесип жана кытай тилин үйрөтүүчү кадыресе борборлор деп мүнөздөөдө.

Кыргызстанда жашап жаткан бир катар шинжаңдык кыргыздар да өлкө бийлигинен Кытайда кармалып турган жакындарын бошотууга көмөктөшүүнү суранып жатышат.

29-ноябрда Бишкекте өткөн жыйында Кыргызстанда “Кытайдагы кыргыздарды коргоо” комитети да түзүлгөнү белгилүү болгон. Бул комитеттин маалыматында Кытайда кыргыз улутундагы 50 миңдей жаран камакта отурат.

Пикир

Оставить комментарий