• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

Кытай: АКШ менен «соода согушун» жеңгенге чейин тирешебиз

Дүйнө 0

Бишкек. 16.05.19 /Кабар/. Эгерде АКШ «соода согушун» улантууну кааласа, анда Кытай жеңиш менен аяктаганга чейин күрөшөт. Бул тууралуу Кытайдын Тышкы иштер министрлигинин расмий өкүлү Гэн Шуан билдиргенин РИА Новости жазды.

"Буга чейинки тажрыйба Кытайдын «соода согушун» каалабаганын көрсөткөн, бирок андан коркпойт дагы. Эгерде кимдир бирөө биздин босогобузда согуш баштаса, биз утканга чейин тирешебиз", — деди Гэн Шуан.

Буга чейин АКШ президенти Дональд Трамп кытай товарларына болгон кошумча импорттук салыктарды киргизүүсү боюнча коркутуучу пикирин билдирген болчу.

Гэн Шуан Америка учурдагы абалды объективдүү карап, Кытай өз кызыкчылыгын коргоого даяр экенин унутпоого чакырды.

Эске салсак, өткөн жумада АКШнын президенти Дональд Трамп Кытайдын жалпы наркы 200 миллиард долларга бааланган товарына бажы төлөмүнүн тарифтерин 10 пайыздан 25 пайызга чейин көтөргөн.

Андан тышкары, Кытайдан импорттоло турган башка товарларга дагы тарифтердин көтөрүлө турганы кабарланган.

Буга жооп катары Пекин америкалык товарларга бажы төлөмүн көбөйткөн.

Пикир

Оставить комментарий