• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Кытай АКШдагы адам укуктары боюнча кырдаалды кескин сындады

Дүйнө 0

Бишкек, 9-март /Кабар/. «2016-жылдагы АКШдагы адам укуктарынын жагдайы» баяндамасында Кытай Кошмо Штаттарды өлкөдөгү кырдаалдын өсүшү үчүн кескин сынга алды.

Баяндама бейшембиде КЭР Мамкеңешинин маалымат кеңсеси тарабынан жарыяланган. Анда буга чейин АКШ тарабынан жарыяланган баяндамада башка өлкөлөрдөгү адам укуктарына баа берилип, “көптөгөн өлкөлөрдөгү адам укуктары маселесин көзгө сайып көрсөтүп, ошол эле учурда өз мамлекетиндеги адам укуктарынын жагдайына көңүл бурушкан эмес”, деп белгиленет.

“2016-жылы АКШда адам укуктары маселесинин маанилүү багыттары боюнча абалдын начарлашы конкреттүү фактылар менен көрүнүп турат”, - деп айтылат текстте.

Кытай баяндамасында өткөн жылы АКШда көп сандаган курмандыктарга алып келген ок атуулар менен коштолгон кылмыштар көп катталып, адамдарды камакка алуу пайызы жогору экендиги белгиленет.

"Жалпысынан, куралдуу 58,1 миң окуя, анын ичинде 385 адам атып өлтүрүү окуясынан 15 миң адам өлүп, 30,6 миңи жарадар болгон”, - деп айтылат текстте.

Мындан тышкары, кытай баяндамасынын маалыматы боюнча, АКШда 2016-жылы калктын аз жана орто камсыз болгон катмарынын деңгээли тынчсыздандыруучу абалда калган. Баяндамага ылайык, өткөн жылы АКШда мурдагыдай эле расизм жана расалык мамилелер көйгөйлөрү болуп турду. Баяндаманын авторлору аялдардын, балдардын жана карылардын укуктарын коргоо жаатында жылыш болбогондугун, калктын аярлу катмарынын укуктары олуттуу түрдө бузулганын билдирет.

“АКШ адам укугун бузуу боюнча башка өлкөлөрдү бир канча ирет айыптап, бирок өздөрү бейкүнөө адамдарды атайылап өлтүрүп келишкен. 2014-жылдын 8-августунан 2016-жылдын 18-декабрына чейин АКШ Иракта 7,2 миң жана Сирияда 5,8 миң авиа сокку жасаган. Мында карапайым калктын курмандыгы 4,6 миңден 6,1 миң адамга чейин жеткен”, - деп маалымдалат баяндамада. Ошондой эле анда америкалык дрондорду колдонуу менен жасалган авиа соккулардан Пакистан, Йемен жана Сомалиде 2009-жылдан бери 800дөн ашык жөнөкөй адам курман болгон.

Мындан тышкары, баяндамада АКШ 2016-жылы эл аралык адам укуктары боюнча конвенцияны кабыл алуудан баш тартып жана БУУ сунуштаган адам укуктары боюнча резолбция долбоорун кабыл албагандыгы белгиленет.

Буга чейин АКШнын мамлекеттик департаменти дүйнөдөгү адам укугунун абалы тууралуу баяндама жарыялаган. Анда болжол менен 200 өлкөгө сын айтылган. Баяндамада АКШ адам укуктары маселеси боюнча Кытайды сынга алган.

Маалымат булагы РИА Новости

Пикир

Оставить комментарий