• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Кытай бийлиги Ухань шаарындагы чектөөлөрдү алды

Дүйнө 0

Бишкек, 08.04.20. /Кабар/. 8-апрелге караган түнү COVID-19 вирусу алгачкы болуп катталган Кытайдын Ухань шаарына киргизилген чектөөлөр алынды. Кечээ январдын аягынан бери толук изоляцияда жашап келген шаарда алгачкы жолу вирус жуктурган бир дагы адам катталган жок.

Карантин маалында бийлик аймактагы бардык окуу жайларды жаап, транспорт байланышын толук токтоткон. Жашоочуларга атайын уруксатсыз шаардан чыгууга тыюу салынган.

Ухань шаары жайгашкан Хубэй провинциясында абал оңоло баштаганы марттын аягында белгилүү болуп, башкаларга коркунуч жаратпаган адамдардын аймактан чыгуусуна уруксат бериле баштаган.

СOVID-19 вирусу Кытайда 2019-жылдын декабрынын соңунда тараган. Андан бери өлкөдө илдет 82 миңге жакын адамга жукту. Алардын ичинен 3300дөн ашууну каза болуп, 77 миңден ашыгы айыгып чыкты.

.

Пикир

Оставить комментарий