• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

Кытай Бишкекте өткөн ШКУ саммитинин чыгымдарын өз мойнуна алат

Экономика 0

Бишкек, 26.06.19. /Кабар/. Кытай өкмөтү Шанхай кызматташтык уюмунун (ШКУ) Мамлекет башчыларынын кеңешинин жыйынын уюштурууга кеткен 6 млн 760 миң доллар чыгымды өз мойнуна алат.

Экономика министрлигинин маалыматы боюнча Кытай менен Кыргызстан ортосунда тиешелүү катка кол коюлду.

Бул сумма чыгымдардын кайсы бөлүгүн жабары так айтылган жок.

ШКУга мүчө өлкөлөрдүн Мамлекет башчыларынын кеңешинин жыйыны 14-июнда өткөн. Анын жыйынтыгында Бишкек декларациясы кабыл алынган. Мындан тышкары саммиттин катышуучулары 20дан ашуун документке кол коюшкан.

Уюм төрагалагы Орусияга өткөн. ШКУга мүчө өлкөлөрдүн Мамлекет башчыларынын кеңешинин кийинки жыйынын 2020-жылы Орусияда болот.

Пикир

Оставить комментарий