• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Кытай лидери Си Цзиньпин президент А. Атамбаев жана Кыргызстан элин Нооруз майрамы менен куттуктады

Президент 0

Бишкек, 20-март /Кабар/. Кытай Эл Республикасынын Төрагасы Си Цзиньпин Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаевди жана Кыргызстан элин Нооруз майрамы менен куттуктады. Бул тууралуу КР Президентинин аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмү билдирди.

«Кыргызстандын салттуу Нооруз майрамына байланыштуу Кытай Өкмөтүнүн, элинин жана жеке өз атыман Сизге жана сиз аркылуу бүт Кыргызстан элине чын дилимден бул даңазалуу майрам менен куттуктоого уруксат этиңиз.

Быйыл жыл башында Сиздин Кытайга сапарыңыздын маалында биздин иштиктүү жана үзүрлүү сүйлөшүүлөрдү зор канааттануу менен эстейм. Кыргыз-кытай мамилелеринин өнүгүшүнө мен зор көңүл бурам жана эки өлкө менен элдеринин жакшылыгы үчүн биздин стратегиялык өнөктөштүктү жана көп тараптуу кызматташтыкты жаңы тепкичтерге жылдыруу үчүн биргелешип күч-аракет жумшоого даярмын», - деп айтылат куттуктоо телеграммасында.

Кытай Эл Республикасынын Төрагасы Си Цзиньпин Президент Алмазбек Атамбаевге бекем ден соолук, ишине ийгиликтерди, кыргыз элине бакыбаттык каалады.

Пикир

Оставить комментарий