• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Кытай элчилигинде болгон жардыруу боюнча сот чечими чыкты

Укук тартиби 0

Бишкек, 28-июнь /Мехриниса Сулайманова Кабар/. Бишкек шаардык Биринчи май райондук соту Кыргызстандагы Кытай элчилигинде жардырууга тиешеси бар делген жарандар боюнча сот чечимин чыгарды.

Судья - Хасамидин Исмаиловду, Хикматилло Абдулажановду жана Куназим Мансированы күнөөлүү деп тапты.

Хасамидин Исмаилов күнөөлүү деп табылып, күчөтүлгөн тартипте 18 жылга эркинен ажыратылып, мүлкүнөн ажыратылды.

Хикматилло Абдулажанов күнөөлүү деп табылып, күчөтүлгөн тартипте 10 жылга эркинен ажыратылып, мүлкүнөн ажыратылды.

Куназим Мансирова күнөөлүү деп табылып, аялдар абагына 10 жылга кесилип, мүлкүнөн ажыратылды.

Эскерте кетсек, 2016-жылы 30-августта Бишкектеги Кытай элчилигинде жарылуу болгон. Расмий билдирүүлөргө ылайык, жанкечти-террорист элчиликтин аймагына унаасы менен кирип баргандан кийин жарылуу болгон. Андан элчиликте иштеген эки Кыргызстандык жаран жабыркаган.

Пикир

Оставить комментарий