• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

Кытай элчиси С.Жапаровдун Пекинге иш сапары жана Олимпиада оюндарынын ачылыш аземине катышуусу тууралуу

Саясат 0

Кытай Эл Республикасынын Кыргызстандагы элчиси Кыргыз улуттук "Кабар" маалымат агенттигине эксклюзивдүү маек берип, Кыргызстандын президентин Садыр Жапаровдун Кытайга иш сапары, өлкө башчынын 24-Кышкы Олимпиада оюндарынын ачылыш аземине катышуусу, андан тышкары, КЭР төрагасы Си Цзиньпин менен жолугушуусу тууралуу айтып берди.

- 4-февралда КР президенти Садыр Жапаров Пекинде 24-Кышкы Олимпиада оюндарынын ачылыш аземине катышты. Урматтуу элчи айым, Кыргызстандын мамлекет башчысынын бул иш-чарага катышуу үчүн Кытайга жасаган иш сапары тууралуу айтып берсеңиз.

- 24-Кышкы Олимпиада оюндарынын салтанаттуу ачылыш аземи Пекин шаарында 4-февралда кечинде башталды. КР президенти Садыр Жапаров бул иш-чарага 30дан ашык өлкөнүн лидерлери, аймактык жана эл аралык уюмдардын жетекчилеринин жана расмий өкүлдөрүнүн менен биргеликте чакырылган. Алар Пекин шаарынын кантип дүйнөдөгү биринчи "кош олимпиадалык шаарга" айланганына күбө болушту, башкача айтканда Пекин жайкы жана кышкы Олимпиада оюндарын өткөргөн. Ачылыш аземинде Кыргызстандын президенти кыргыз делегациясын колдоп турду. Андан тышкары, Кыргызстандын президенти Кытай төрагасы Си Цзиньпин жана анын жубайы Пэн Лиюндын атынан чет өлкөлүк сыйлуу конокторду расмий кабыл алуу банкеине чакырылды. Албетте, эң башкысы Пекинде Кыргызстан менен кытайдын лидерлеринин биринчи жолугушуусу өттү. Президент Садыр Жапаровдун Пекинге иш сапары чоң мааниге жана ийгиликтерге ээ.

Биринчиден, бул тилектештик сапары. "Жалпы келечек үчүн бигеликте" – бул 2022-жылы Пекинде өтө турган Кышкы Олимпиада оюндарынын урааны. Президент Садыр Жапаровдун Кытайга болгон сапары Кыргызстандын Кышкы Олимпиада оюндарын колдоосун толугу менен көрсөтүп, эл аралык коомчулук олимпиадалык духту жайылтуу жана спорттун саясатташтырылышына каршы туруу үчүн күчтөрдү бириктирип жаткандыгына чоң белги берди.

Экинчиден, бул достуктун сапары болду. 2021-жылы февралда Кытай төрагасы менен Кыргызстандын жаңы шайланган президентинин ортосунда телефондук сүйлөшүү болгон. Өткөн жылы эки мамлекеттин башчылары кытай-кыргыз мамилелеринин өнүгүшүнө тынчсыздануу жана колдоо көрсөтүү менен бир нече жолу билдирүүлөр менен алмашкан. COVID-19 пандемиясынын фонунда эки тарап тең төрага Си Цзиньпин менен КР президенти Садыр Жапаровдун биринчи жеке жолугушуусун чыдамсыздык менен күтүшкөн. Биринчи ийгиликтүү жолугушуу кытай-кыргыз мамилелеринин келечектеги өнүгүү багытын гана белгилеп тим болбостон, эки мамлекеттин башчыларына жеке достук жана жакшы иштиктүү байланыштарды орнотуу үчүн уникалдуу мүмкүнчүлүк түздү. Кытай тарап президент Садыр Жапаровдун Пекинге болгон сапарына өзгөчө маани берип, өзгөчө көңүл буруп, бул сапар ийгиликтүү өтүшү үчүн бардыгын жасады. Ошол эле учурда азыркы кышкы Олимпиада оюндары Кытайдын ай календары боюнча Жаз майрамына туура келет. Чындыгында президент Садыр Жапаров Кытайдын жаңы жылын Си Цзиньпин жана кытай эли менен бирге белгиледи.

Үчүнчүдөн, бул кызматташтык сапары. Азыркы учурда кыргыз-кытай ар тараптуу стратегиялык өнөктөштүк дипломатиялык мамилелердин орнотулганынын 30 жылдыгына байланыштуу жаңы башталгыч чекитте, тарыхтагы эң жогорку деңгээлде турат. Кытай төрагасы Си Цзиньпин жана президент Садыр Жапаров эки тараптуу мамилелерди өнүктүрүү тууралуу терең пикир алышып, ошону менен жаңы доорго бет алган Кытай менен Кыргызстандын ортосундагы ар тараптуу стратегиялык өнөктөштүктүн келечегине олуттуу түрткү берди.

- 6-февралда КР президенти КЭР төрагасы менен эки тараптуу жолугушуу өткөрдү. Сүйлөшүүнүн жыйынтыгында эки мамлекеттин лидерлери тарабынан эки тараптуу кызматташтыктын маанилүү учурлары козголуп, өз ара аракеттенүүнүн мындан аркы келечеги талкууланып, анын багыты белгиленди. Кытай тарап бул жолугушууга кандай баа берип жатат? Бардык тиешелүү темалар талкууландыбы? Жолугушуунун маанилүү жыйынтыктары кандай?

- Кытай төрагасы менен кыргызстандын президентинин жолугушуусу Кытай менен Кыргызстандын ортосунда дипломатиялык мамилелердин орногонунун 30 жылдыгына жана КЭР менен КРнын ортосундагы жакшы коңшулук, достук жана кызматташтык келишимине кол коюлгандыгынын 20 жылдыгына карата өттү, мунун символикалык зор мааниси бар. Мамлекет башчылары кытай-кыргыз мамилелеринин өнүгүүсүндөгү жетишкендиктерди жогору баалап, дипломатиялык мамилелер орнотулгандан берки 30 жыл ичинде тең укуктуулук, өз ара ишеним жана өз ара пайда рухуна негизделген кытай-кыргыз мамилелери жакшы жетишкендиктерге жеткенин, ар тараптуу стратегиялык өнөктөштүктү өнүктүрүүдө секирик жасап, жогорку деңгээлге жеткенин белгилешти. Эки өлкөнүн лидерлери терең пикир алышып, Кытай менен Кыргызстандын ортосунда өз ара пайдалуу көп пландуу кызматташтыкты мындан ары бекемдөө боюнча маанилүү макулдашууга жетишишти.

Биринчиден, өлкө башчылары саясий өз ара ишенимди мындан ары тереңдетүү жөнүндө макулдашышты. Төрага Си Цзиньпин Кытай Кыргызстанды кыргыз эли өз алдынча тандап алган жолду улантууга чечкиндүү колдоо көрсөтүп келерин жана улуттук көз карандысыздыкты, эгемендүүлүктү жана коопсуздукту коргоодо кыргыз тарапты чечкиндүү колдоорун билдирди. Ал Кытай Кыргызстан ишенип, таяна турган дос жана өнөктөш экенин баса белгиледи. Президент Садыр Жапаров Шинжаң, Тайвань жана Гонконгго байланышкан маселелерде Кыргызстан Кытайдын эгемендүүлүгүн, коопсуздугун жана башка түпкү кызыкчылыктарын коргоодо чечкиндүү колдоо көрсөтөөрүн ырастады. Өлкө башчылары эки тараптын эл аралык жана аймактык маселелерде координацияны жана кызматташтыкты чыңдоого жана эл аралык адилеттүүлүктү биргелешип колдоого чечкиндүүлүгүн бир добуштан билдиришти, ошондой эле коопсуздук жаатында терроризмге жана уюшкан кылмыштуулукка каршы биргелешип күрөшүү, эки өлкөнүн жана аймактын коопсуздугун коргоодо эки өлкөнүн ортосундагы кызматташтыктын деңгээлин ар тараптуу жакшыртууга даяр экендиктерин билдиришти. Кытай тарап кыргыз тарапка 50 млн китай юаны суммасына коопсуздук жаатында жардам көрсөтөрүн убада кылды.

Экинчиден, мамлекет башчылары "Бир алкак жана бир жол" демилгесинин жогорку сапаттуу курулушу жөнүндө макулдашышты. Биздин өлкөлөрдүн лидерлери “Бир алкак жана бир жол” демилгесин биргелешип куруу эки өлкөнүн ортосундагы экономикалык, социалдык жана маданий кызматташтык долбоорлорун ишке ашыруунун негизги кыймылдаткыч күчү экенин белгилешти. Акыркы жылдары Кытай менен Кыргызстандын аталган "Бир алкак жана бир жолду" биргеликте куруудагы кызматташтыгы жемиштүү жыйынтыктарды берди, эки өлкөнүн элине пайда алып келди. Төрага Си Цзиньпин Кытай жана Кыргызстан эки өлкөнүн өнүгүү стратегияларын шайкеш келтирүүнү күчөтүшү керектигин белгиледи. Кытай Кыргызстандан жогорку сапаттуу айыл чарба продукцияларын импорттоону кеңейтүүгө, Кыргызстанга инвестиция салган кытай ишкерлерин колдоо, андан тышкары кызматташуунун маанилүү долбоорлорун алдыга жылдырууну тездетүүгө даяр. Кытай менен Кыргызстан эки өлкөнүн чек арасында эпидемияны алдын алуу жана көзөмөлдөө боюнча биргелешкен механизмди толук пайдаланып, жүктөрдү ташуу үчүн өткөрмө пунктунун мүмкүнчүлүктөрүн жакшыртуусу керек. Кытай Кытай – Кыргызстан – Өзбекстан темир жолун курууну колдойт. Өз кезегинде президент Садыр Жапаров Кыргызстан экономика, соода, транспорт жана энергетика жаатында практикалык кызматташтыкты алдыга жылдыруу үчүн кытай менен иштешүүгө даяр экенин жана Кытай – Кыргызстан - Өзбекстан темир жолун "Бир алкак жана бир жолдун" курулушу биргелешкен курулуштун флагмандык долбоору кылуу ниетин билдирди. Кыргыз тарап Кыргызстанга инвестиция салууга жана кызматташтык үчүн кытай ишканаларын көбүрөөк чакырууда жана аларга жагымдуу ишкер чөйрөсүн түзүп берүүгө жана мыйзамдуу укуктарын коргоого даяр. Мамлекет башчылары Кытай менен Кыргызстандын ортосунда түз аба каттамын жандандыруу, Кытай өкмөтүнүн Кыргызстанга кайтарымсыз грантынын алкагында долбоорлорду ишке ашырууну тездетүү жөнүндө пикир алмашышты.

Үчүнчүдөн, өлкө башчылары маданий-гуманитардык байланыштуу алдыга жылдырууну макулдашышты. Кытай менен Кыргызстандын ортосундагы салттуу достук мамиленин тамыры терең. Биздин элдердин ортосундагы өз ара түшүнүүчулүктү бекемдөө эки тараптын жалпы максаты болуп саналат. Төрага Си Цзиньпин кытай тарап саламаттык сактоо, жакырчылык менен күрөшүү, жаштар жана аялдарга кесиптик билим берүү жаатында жана кесипкөй жана квалификациялуу кадрларды даярдоого жардам берүү үчүн Кыргызстанда Лу Бандын өнөрканасын ачууга даяр экенин белгиледи. Кытай жана Кыргызстан өлкө башчыларынын Пекиндеги жолугушуусунун жыйынтыктарын эки өлкөнүн ортосундагы маданий-гуманитардык кызматташууну мындан ары улантуу, ошондой эле эки мамлекет ортосундагы достук мамилелерди чыңдоого өбөлгө түзөт деп ишенем.

Төртүнчүдөн, мамлекет башчылар эпидемига биргеликте каршы турууга макулдашышты. COVID-19 пандемиясы башталгандан бери Кытай менен Кыргызстан достук жана жакшы коңшулук рухун карманып, пандемияга каршы күрөштө бири-бирине ар дайым колдоо көрсөтүп, эки кошуна боордош өлкөнүн чыныгы достугун далилдешти. Жолугушуунун жүрүшүндө кытай тарап кытай тарап кыргыз тарап менен эпидемига каршы кызматташтыкты улантып, Кыргызстанга 5 млн доза кытай вакцинасын берерин билдирди. Кытай Кыргызстан менен биргеликте эпидемияны жеңүүгө аракет кылат.

Кытай менен кыргызстандын башчыларынын жолугушуусунун маанилүүлүгүн маанилүүлүгүн кол коюлган маанилүү документтер дагы тастыктап турат. Кытай төрагасы Си Цзиньпин менен Кыргызстандын президенти Садыр Жапаровдун биргелешкен билдирүүсү эки тараптын бири-бирин колдоо жана жалпы өнүгүүгө умтулуу боюнча айкын позициясын ырастаган жолугушуунун эң маанилүү саясий жыйынтыгы болуп саналат.

"Кытайдын маалымат жана басма сөз мамлекеттик администрациясы менен Кыргызстандын Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинин ортосундагы классикалык улуттук адабияттын орчундуу чыгармаларын өз ара которуу жана басып чыгаруу долбоорун ишке ашыруу боюнча меморандумга" ылайык, тараптар жакынкы жылдарда эки өлкөнүн кеминде 50 классикалык чыгармасын биргелешип которуп жана басып чыгарышат. "Кыргызстандан Кытайга төө буурчак экспорттоо протоколу" Кыргызстандан Кытайга айыл чарба продукциясын экспорттоону мындан ары да жогорулатат. "Кытайдын Соода министрлиги менен Кыргызстандын Экономика жана коммерция министрлигинин ортосундагы Жашыл өнүктүрүү тармагында инвестициялык кызматташтыкты тереңдетүү боюнча өз ара түшүнүшүү меморандумуна" ылайык, эки тарап тең "жашыл" өнүгүү чөйрөсүндө экономикалык өсүштүн жаңы чекиттерине түрткү берет жана эки тараптуу инвестициялык кызматташтыкты сапаттуу алдыга жылдырат. Кытайдын Циндао шаары менен Бишкек шаарынын ортосунда "Бишкектин Дэн Сяопин көчөсүн жакшыртуу долбоорун ишке ашырууга көмөктөшүү жөнүндө меморандумга" кол коюлду. Биргелешкен аракетибиздин арты менен өлкөлөрүбүздүн лидерлеринин ортосундагы макулдашуулар биздин өлкөлөрдун жана элдердин жыргалчылыгы үчун толугу менен ишке ашырылат деп ишенем.

- Кытай – Кыргызстан – Өзбекстан темир жолунун курулушу боюнча айтылып жаткан темага токтолсоңуз, бул маселе боюнча Пекинде акыркы чекит коюлдубу же жокпу, тактап бере аласызбы? Ал эми темир жолдун курулушунун кечеңдешине эмне себеп болду, бул идея 1996-жылы эле пайда болгон? Бул темир жолдун курулушун алдыга жылдырууда Кытайдын позициясы кандай?

- Кытай – Кыргызстан – Өзбекстан темир жолун куруу Пекиндеги мамлекет башчыларынын жолугушуусунун маанилүү темаларынын бири болуп саналат. Кыргызстанда бул маселеге көбурөөк көңүл бурулууда. Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан темир жолун куруу боюнча кытай тараптын позициясы активдүү жана ачык экенин дагы бир жолу баса белгилегим келет. 25-январда Кытай менен Борбор Азиядагы беш өлкөнүн ортосундагы дипломатиялык мамилелердин 30 жылдыгына арналган видеосаммитте Кытайдын төрагысы Кытай – Кыргызстан – Өзбекстан темир жол долбоорун ишке ашырууну тездетүү зарылдыгын белгиледи. Пекиндеги жолугушууда эки өлкөнүн башчылары темир жолдун курулушун илгерилетүү боюнча өздөрүнүн позициясын дагы бир жолу билдиришти. Бул албетте, техникалык-экономикалык негиздемени тездетүүгө жана долбоордун башталышын тездетүүгө жаңы дем берет.

Кытай жана Кыргызстандын мамлекет башчыларынын бирдиктүү билдирүүсундө "Бир алкак жан бир жол" демилгесинин алкагында транспорттук-транзиттик потенциалды пайдаланууну жана бардык иштеп жаткан, ошондой эле жаңы каттамдарды өнүктүрүүнү маанилүү экени көрсөтүлгөн. Аймактагы социалдык-экономикалык өнүгүүсүнө дем берүү үчүн жаңы темир жолдорун куруу долбоорлору, анын ичинде "Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан" темир жолу чоң мааниге ээ. Тараптар бул долбоорду илгерилетүү үчүн аракеттерди көрүшөт. Бул долбоорду тез арада илгерилетүү Борбордук Азия чөлкөмүнүн транзиттик потенциалын толук ачууга олуттуу кадам жана "Бир алкак жана бир жол" демилгесин илгерилетүүнүн маанилүү бөлүгү болууга тийиш.

Сиз туура белгиледиңиз, Кытай – Кыргызстан – Өзбекстан темир жолун куруу жөнүндө сөз көп жылга созулуп кетти. Тиешелүү тараптар бир чечимге келиши үчун чоң долбоорду ар тараптуу изилдеп чыгуу керектигиги түшүнүктүү. Бул жылдар аралыгында аталган темир жолду куруу боюнча кыргыз тараптын кароосу бир нече жолу түп-тамырынан бери өзгөргөн.

Бирок, азыркы учурда Кытай, Кыргызстан жана Өзбекстандын тиешелүү ведомстволору долбоорлоо, каржылоо жана долбоордун башка маанилүү маселелери боюнча тыгыз байланышта болууда. Кытай тарап кыргыз жана өзбек тарап менен биргеликте долбоорду ишке ашырууда тез арада олуттуу прогресске жетишүүгө даяр. Кытай тарап Кытай – Кыргызстан – Өзбекстан темир жолу кызматташтыктын, достуктун жана өнүгүүнүн жолуна айланат деп үмүттөнөт.

- Белгилүү болгондой, жолугушууда төрага Си Цзиньпин өлкөлөр ортосундагы түз аба каттамдарды этап-этабы менен калыбына келтирүүнүн жана ковидге каршы чараларды эске алуу менен жүк ташууларды көбөйтүүнүн зарылдыгын белгиледи. Атап айтканда, "Торугарт" жана "Эркечтам" көзөмөл-өткөрүү пункттарынын өткөрүү жөндөмдүүлүгүн кеңейтүү жөнүндө сөз жүрүп жатат. Жүк ташуу ковидге каршы чектөөлөр киргизилгенге чейин байкалган деңгээлге жетүүсү мүмкүнбү жана жакынкы келечекте өлкөлөр ортосундагы жүк ташуунун деңгээли жогорулайбы?

Азыркы учурда бир жагынан Кытай менен Кыргызстандын жарандарынын сапарлар, окуу, туризм, бизнес боюнча жана тууган-туушкандары менен өз ара каттоосуна болгон муктаждыктары тынымсыз өсүүдө. Эки тарап тең өлкөлөр ортосундагы түз аба каттамдын тез арада калыбына келүүсүнө үмүттөнүшүүдө. Экинчи жагынан дүйнө жүзүндө пандемия дагы деле болсо уланууда. Кытай тарап алдын алууну эске алуу менен кыргыз тарап менен биргеликте Кытай менен Кыргызстандын ортосундагы түз аба каттамын акырындык менен калыбына келтирүү маселесин активдүү изилдейт. Эки өлкөнүн компетенттүү органдары бул маселеде тыгыз байланышып турат.

Кытай менен Кыргызстандын мамлекеттик чек арасындагы көзөмөл-өткөрүү пункттары эки өлкөнүн ортосундагы соода-экономикалык кызматташтык үчүн негизги транспорт байланышы болуп саналат. Кытай тарап кыргыз тараптын "Эркечтам" жана "Торугарт" көзөмөл-өткөрүү жайларындагы жүктүн көлөмүн көбөйтүү боюнча тынчсыздануусуна өзгөчө көңүл бурат.

Кытайдын Синьцзян-Уйгур автономдуу районунун өкмөтү Ду Дэвэн Кытайдын Синьцзян-Уйгур автономиялык районунун өкмөтү көптөгөн адамдык жана финансылык ресурстарды жумшап, натыйжалуу чараларды көрүү менен өткөрүү пунктарында кызматкерлердин санын көбөйтүп, жаңы инфраструктуралык объектилерди куруп жатат. Жүктөрдү өткөрүү менен байланышкан көйгөйлөрдү өз убагында чечүү жана көзөмөл-өткөрүү жайларынын өткөрүү жөндөмдүүлугүн мындан ары дагы жакшыртуу максатында кытай тарап кыргыз-кытай чек арасындагы көзөмөл-өткөрүү жайларында бирдиктүү алдын алуу жана эпидемиологиялык көзөмөл механизмдерин түзүү жөнүндө демилге көтөргөн.

Кытай тараптан аталган механизмди СУАРдын өкмөтүнүн төрагасынын орун басары, ал эми кыргыз тараптан министрлер кабинетинин төрагасынын биринчи орун басары жетектейт. Эки өлкөнүн биргелешкен аракетинин аркасында учурда кытай-кыргыз чек арасындагы "Эркечтам" жана "Торугарт" өткөрүү пункттары аркылуу жүк ташуу үзгүлтүксүз жүргүзүлүүдө. Эки өткөрүү пункту аркылуу суткалык орточо жүк ташуу 200гө жакын жүк ташуучу унааны түзөт. Ошону менен бирге, кытай тараптын статистикасына ылайык, 2021-жылдын январь айынан ноябрь айына чейин Кытай менен Кыргызстандын ортосундагы соода жүгүртүүнүн көлөмү 6,3 миллиард АКШ долларын түзүп, мурунку жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 130,9%га өскөн.

Пандемия дүйнө жүзү боюнча уланып жатканына карабастан, биз адамзат COVID-19 коронавирусун сөзсүз жеңет деп ишенебиз. Кытай жана кыргыз тараптар Кытай менен Кыргызстандын соода-экономикалык кызматташтыгын биргелешип жаңы деңгээлге көтөрүшөт.

- Маегиңиз үчүн рахмат.

Маектешкен Эрмек Абдрисаев

Пикир

Оставить комментарий