• 89.01
  • 94.71
  • 0.94

Кытай футбол курамасынын машыктыруучусу: Оюндун жүрүшүн өзгөртө алдык

Спорт 0

Бишкек, 08.01.19. /Кабар/. “Көп ката кетирип, биринчи таймды анча өткөрө албадык. Бирок оюндун экинчи бөлүгүндө кырдаалды оңдоп, оюндун жүрүшүн өзгөртө алдык”. Бул тууралуу Кытайдын футбол боюнча курамасынын машыктыруусу Марчелло Липпи Кыргызстан-Кытай оюну тууралуу пикирин айтып жатып билдирген.

“Көп ката кетирип, биринчи таймды анча өткөрө албадык. Бирок оюндун экинчи бөлүгүндө кырдаалды оңдоп, оюндун жүрүшүн өзгөртө алдык. Муну жасай алганыбызга, зарыл учурда мүнөзүбүздү көрсөтө алганыбыз үчүн жигиттерибиз менен мактаныч кылам. Биринчи голдо атаандаш ката кетирип бизге ийгилик жылмайды. Экинчи голго алмаштыруу өз таасирин тийгизди: бизге оюн талаасынын борборуна көңүл буруу керек болду. Себеби биринчи бөлүктө атаандаш бизди ошол жактан утуп жаткан”, - деп билдирген Марчелло Липпи.

Белгилей кетсек, кечээ, 7-декабрда Азия Кубогунун алкагында Кыргызстан менен Кытайдын футбол курама командалары биринчи оюндарын өткөргөн. Биринчи бөлүктүн 42-мүнөтүндө Кыргызстан эсепти ачып алдыга чыккан. Тилекке каршы экинчи таймда каршылаштар 2 гол киргизип, жеңишти сууруп кетти.

Кийинки оюнду Кыргызстан Түштүк Кореянын курамасы менен 11-январда өткөрөт.

Пикир

Оставить комментарий