• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Кытай инвесторлору Кыргызстан жөнүндө көп билгилери келет

Коом 0

Бишкек, 19-июль /Айжамал Дуйшоева – /Кабар/. “Кабар” маалымат агенттигинде Бишкекке келген «Кытайдын интеллектуалдык менчиктери жаңылыктары» басылмасынын өкүлдөрүнүн жолугушуусу орун алды. Анда агенттиктин директору Кубанычбек Таабалдиев менен кытай делегациясынын өкүлдөрү жолугуп, басылманын президенти Гао Донген өздөрүнүн ресурсу жөнүндө айтып, агенттиктен Кыргызстандагы инвестиция шарттары боюнча кененирээк маалымат алууга кызыгуу билдирди.

Гао Донгендин айтымында, алардын басылмасы Кытайдагы интеллектуалдык менчикти коргоо укугу боюнча маанилүү орунду ээлейт. Басылманын аудиториясына мамлекеттик, жеке компаниялардын кызматкерлери жана эксперттер кирет. Мындан тышкары мамлекеттик башкаруу тармагында 5 интернет портал, 2 журнал чыгат, ошондой эле андагы материалдар «Вичат месенджер» (wechat messenger) аркылуу тарайт.

Маалымат бөлүмүнүн жетекчиси Жу Хонг “Бир алкак бир жол” долбоорунун арты менен аларда Жибек жолунда жайгашкан мамлекеттердин ММКлары менен кызматташууга жол ачылганын билдирди.

“Кытайдын инвесторлору Кыргызстан тууралуу көп билгилери келет. Инвесторлор билип кызыга тургандай бизде сиздердин мамлекет боюнча жеткиликтүү маалымат жок. Сиздердин иш-аракеттериңиздерден улам, алар Кыргызстан жөнүндө кабардар болушат. Биздин инвесторлорго кандай долбоорлор кызык болоорун билишибиз керек”,-деди ал.

Өз кезегинде К. Таабалдиев “Кабар” Кыргызстандагы тарыхый маалымат агенттиги болуп эсептелээрин, ал расмий такталган маалыматтарды туура жеткирүүдө жалгыз маалымат булагы экенин билдирди. “Биз сиздерди колдоого жана инвесторлорго толук маалымат берүүгө даярбыз”,-деди ал. Мындан тышкары Таабалдиев конокторго “Кабар” агенттиги алты тилде, кыргыз, орус, түрк, англис, кытай жана араб тилдеринде чыга турганын кошумчалады. Тараптар мындан ары кызматташуу боюнча макулдашышты.

Пикир

Оставить комментарий