• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Кытай ишкерлери Кыргызстанда азык-түлүктү кайра иштетүүчү ишканаларды курууга кызыкдар

Коом 0

Бишкек, 11.06.19. /Кабар/. Бүгүн Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министри Эркинбек Чодуев, Цзянсу Кытай эл аралык техникалык кызматташуу компаниясынын директору Ванг Бин Чейрмен баштаган ишкерлер менен жолугушту. Бул тууралуу министрликтин басма сөз кызматы билдирди.

Жолугушууда азык түлүктөрдү экспорттоо, импорттоо жана азык түлүктөрдү сактоочу, кайра иштетүүчү ишканаларды куруу боюнча сөз болгон.

Министрликтен белгилешкендей, жолугушуунун жүрүшүндө кытай тарап Кыргызстандын айыл чарба азык-түлүктөрү табигый таза жана сапаты жакшы болгондуктан сатып алууга кызыкдар экенин билдирип, азык түлүктөрдү кайра иштетүүчү ишканаларды курууга кызыкдар экенин билдирген.

Ал эми министр, Кыргызстан Кытай Эл Республикасы менен ар дайым кызматташууга даяр экенин белгилеген.

"Кыргызстан – агрардык өлкө. Биз өткөн жылы Кытайга кокон гилас экспорттогонбуз. Быйыл кокон гилас, коон жана башка азык-түлүктөрдү экспорттоону пландап жатабыз", - деп билдирген министр.

Пикир

Оставить комментарий