• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Кытай ишкерлери Өзбекстанда велосипед заводун курат

ММК БА ТУУРАЛУУ 0

Бишкек, 31.08.18. /Кабар/. Кытай инвесторлору Ташкент облусунда велосипед чыгаруу боюнча ири завод курат.

Долбоордун жалпы наркы 80 миллион доллар, продукциянын экспорту 260 миллион доллар болору күтүлүүдө. Жергиликтүү ММКлар 29-августта долбоор менен Өзбекстан президенти таанышып чыкканын жана өзгөчө кызыгуусу жаралганын жазышты.

Шавкат Мирзиёев велосипед өндүрүшүн көбөйтүү, веложолдорду салуу зарылдыгын белгилеген.

«Бул ден соолукту чыңдайт. Биздин эл машинада эле жүрбөй, кээде велосипед тепсе жакшы болмок. Велосипед тебүү – жүрөктүн иштөөсүн жакшыртат, өмүрдү узартат. Мындан улам бул ишкананы иштетүүнү тездетүү керек », – деди президент.

Маалыматтарга караганда, ишкананын курулушу быйыл октябрда башталат.

Пикир

Оставить комментарий