• 89.47
  • 96.43
  • 0.97

Кытай КРга аскердик техника үчүн кезектеги грант бөлөт

Саясат 0

Бишкек, 06.09.18. /Кабар/. 2018-жылдын 6-сентябрында Кытай Эл Республикасынын Борбордук аскердик кеңешинин төрагасынын орун басары генерал-полковник Сюй Цилян башында тургана скердик делегация Кыргызстанга келди.

Ушул эле күнү Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн Генералдык штабынын башчысы генерал-майор Райимберди Дүйшенбиев аскер делегациясы жана алардын башчысы менен жолугушту.

«Кыргыз-кытай мамилелеринин деңгээли дайыма жогору болгон. Биз кошуна мамлекет менен болгон мамилени, достукту жана кызматташтыкты биздин өлкөлөрдүн элинин кызыкчылыгы үчүн, региондун, жалпы эле дүйнөнүн коопсуздугу үчүн чыңдап гана турабыз,» - деди Генштабдын башчысы коноктор менен жолугушууда.

Кыргыз-кытай кызматташтыгы эки тараптуу негизде гана эмес, Шанхай кызматташтык уюмунун форматында да активдүү өнүгүп келе жаткандыгын эскерте кетели. Кызматташтыктын жылдарында кытай тараптан Кыргызстандын Куралдуу Күчтөрүнө куралдануу, аскердик жана атайын техникалар, материалдык-техникалык мүлктөр, Асман чабуулунан коргонуунун жана байланыштын каражаттары, турак жайларды куруу ж.б. түрүндө ири жардамдар берилген.
Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар эки тараптуу аскердик жана техникалык кызматташтыкты тереңдетүүгө байланышкан маселелердин тизмесин карашты жана мындан аркы биргелешкен иш-аракеттердин келечегин талкуулашты.

Жолугушуунун жыйынтыгында Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн Генералдык штабы менен КЭРдин Коргоо министрлигинин ортосунда кызматташуу тууралуу Меморандумга, кезектеги грантты берүү макулдашуусуна, куралдануу жана аскер техникаларын жөнөтүү боюнча Протоколго кол коюлду.

Жолугушуудан кийин кытай коноктору Кой-Таштагы аскер бөлүгүндө болушту жана аларды бөлүктүн аймагы менен тааныштыруу боюнча экскурсия уюштурулду.

Пикир

Оставить комментарий