• 89.51
  • 96.93
  • 0.97

Кытай КРге алыскы аймактарды ичүүчү суу менен камсыз кылуу үчүн 100 млн. доллар бөлөт

Коом 0

Бишкек, 08.06.18. /Кабар/. Кытай Кыргызстанга алыскы аймактарын таза суу менен камсыздоо үчүн 100 миллион доллар бөлөт.

КРнын туруктуу өнүктүрүү стратегиясынын Улуттук кеңешинин катчысы Нурсулу Ахметова билдиргендей, аталган келишим күн мурун КР президенти Сооронбай Жээнбеков менен Кытайдын төрагасы Си Цзиньпиндин жолугушуусунда макулдашылды.

“Кытай Эл Республикасынын төрагасы билдиргендей, Кыргызстанда быйыл региондорду өнүктүрүү жылы деп жарыяланды, ошондуктан да айыл жергесинде жашаган калктын маселесин чечүү өзгөчө мааниге ээ. Биз тараптан жалпы суммасы 100 млн. долларды түзгөн 48 долбоор сунушталды. Ал райондук борборлорду ичүүчү таза суу менен камсыз кылуу инфраструктурасын жакшыртууга багытталган. Аталган маселе боюнча Кытай тараптан колдоо болду”,-деп билдирди ал.

Сунушталган долбоордун башкы максаты Ахметованын айтымында, бир гана региондору өнүктүрүү эмес ал жакта жашаган калктын мүмкүнчүлүгүн кеңейтүү да болуп саналат.

Пикир

Оставить комментарий