• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Кытай: кыйышпас ит каза болгон ээсинин көрүн казууга аракет жасаган

Дүйнө 0


Бишкек, 29.11.19. /Кабар/. Кытайда өзүнүн ээсине берилген ит анын өлүмүнөн кийин көрүн казууга аракет жасаган. Бул тууралуу тасма Pear порталында жарыяланган.

Маркумдун кызынын айтымында, анын атасы Шэньси провинциясынын Фупин шаарында оорудан улам каза болгон. Хуцзы атындагы ит ээсинин көрүнө анын кызы менен чогуу барган. Жерине баргандан кийин кыйышпас ит үйүнө кайтууну каалаган эмес, керек болсо ээсинин көрүн казууга аракет жасаган.

"Ит атамдын көрүн казып, анын жанында ордунан жылбастан жатууда", - дейт маркумдун кызы.

Ал эми маркумдун туугандары белгилегендей, ээси көз жумгандан кийин Хуцзы 3 күн тамак жебей койгон.

Пикир

Оставить комментарий