• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Кытай кыргыз жарандарына жеке туристтик виза берүүнү жандантты

Коом 0

Бишкек. 06.12.18 /Кабар/. Кытайдын Бишкектеги консулдук бөлүмү кыргыз жарандарына жеке туристтик виза берүүнү жандантты. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлиги кабарлады.

Ушул тапта Кытай элчилиги «L» категориясындагы визаларды берүүдө.

Кабыл алуу бөлүмүнө элчиликтин сайты аркылуу алдын ала жазылса болот. Ал жерде жарандарга керек болгон документтердин тизмеси дагы жайгаштырылган.

Эскерте кетсек, 2017-жылдын башында Кытай элчилиги жеке туристтик виза берүүнү токтоткон. Виза беш кишиден жогору турган топко гана берилчү.

Пикир

Оставить комментарий