• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Кытай — Кыргызстан — Өзбекстан т/ж курулушу кийинки күздө башталышы мүмкүн

Өкмөт 0

Бишкек, 24.11.22. /Кабар/. Кытай — Кыргызстан — Өзбекстан темир жолунун курулушу кийинки жылы башталышы мүмкүн. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин жыйынында министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров билдирди.

Анын айтымында, долбоордун техникалык-экономикалык негиздемеси кийинки жылдын апрелинде бүткөрүлүүгө тийиш. "Ал эми курулушу күзүндө башталышы мүмкүн", - деп кошумчалады Жапаров.

Ал белгилегендей, Камбар-Ата-1 ГЭСинин курулушун баштоо да пландалууда.

"Өзбекстан менен Казакстан долбоорго катышууга ниеттенүүдө. Азырынча сүйлөшүүлөр жүрүп жатат. Балким, 2023-жылы баштайбыз", - деди Жапаров.

Пикир

Оставить комментарий