• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Кулубаев "Кытай - Кыргызстан - Өзбекстан" темир жолунун долбоорун ишке ашыруу кайсы этапта жүрүп жатканын айтты

Экономика 0

Бишкек, 19.01.23. /Кабар/. Тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев “Кабар” агенттигинде өткөн басма сөз жыйынында Кытай – Кыргызстан - Өзбекстан темир жолун куруу долбоорун ишке ашыруу боюнча иштердин жүрүшү тууралуу айтып берди.

Анын айтымында, буга чейин Кыргызстанга Кытайдан 200 эксперт келген. “Бүгүнкү күндө долбоордун техникалык-экономикалык негиздемеси (ТЭО) боюнча иштер жүрүп жатат. Андан кийин долбоордун деталдуу иштери башталат”, - деди ал.

Белгилей кетсек, ШКУнун Самарканддагы саммитинде “Кытай - Кыргызстан - Өзбекстан” темир жолун куруу долбоору боюнча үч тараптуу өз ара түшүнүшүү жана кызматташуу жөнүндө меморандумга кол коюлган.

Пикир

Оставить комментарий