• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан темир жолун куруу маселеси тездетилет – Мирзиеев

Саясат 0

Бишкек, 05.09.17. /Мехриниса Сулайманова - Кабар/. Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан темир жолун куруу маселеси тездетилет. Бул тууралуу Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиеев Кыргызстандын президенти Алмазбек Атамбаев менен Бишкекте болгон жолугушуусунда билдирди.

Анын айтымына караганда, бул маселе тар чөйрөдө каралып, эки тарап бир пикирге келишкен.

“Буга чейин биз Ош-Андижан-Иркештам-Кашгар унаа жолун куруу боюнча макулдашкан болчубуз. Бул Кытайга болгон эң кыска жол”,-деди ал.

Ошондой эле, Өзбекстандын мамлекет башчысы айтып өткөндөй, 2017-жылдын биринчи жарым жылдыгында соода жүгүртүү 60 пайызга өскөн.

Анын айтымына караганда, соода жүгүртүүнү 500 млн долларга чейин жогорулатуу планы бар, муну иш жүзүнө ашырса болот.

Пикир

Оставить комментарий