• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Кытай Кыргызстанда кабель заводун ачат

ММК БА ТУУРАЛУУ 0

Бишкек, 22-июнь /Кабар/. Кыргызстанга кытайдын кабель чыгарган «Чжэньцзян» ишканасынын делегаттары келет. Ишкерлер кабель заводун куруу мүмкүнчүлүктөрүн изилдешерин ТИМ басма сөз кызматы билдирди.

Жакында Гуанчжоудогу Кыргызстандын башкы консулу Максат Тентимишов «Чжэньцзян» корпорациясынын төрагасы Ся Синцай менен жолугуп, тараптар Кыргызстандын аймагында кабель чыгаруучу заводду курууну талкуулашкан.

Ишкана ачуу сунушу кыргыз тараптан түшкөн. Тентимишов Кыргызстандын гидроэнергетикалык мүмкүнчүлүктөрүн айтып, ЕАЭБ өлкөлөрүнө жана Тажикстанга даяр продукцияны импорттоону сунуштаган. Ся Синцай өз кезегинде республиканын аймагында кабель өндүрүүчү ишкана ачуу сунушун өз алдынча же кыргыз тарап менен биргелешип ачуу жактарын карап көрүүнү убада кылган.

Жолугушуунун жыйынтыгында Ся Синцай башында турган кытай ишканасынын делегаттары кыргызстанга келе турган болгон.

Булак: Акчабар

Пикир

Оставить комментарий