• 88.91
  • 94.75
  • 0.95

Кытай Кыргызстандан экологиялык таза айыл чарба продукциясын импорттоого кызыкдар

Саясат 0

Бишкек, 08.06.22. /Кабар/.Кыргызстандын тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев Кытайдын Мамлекеттик Кеңешинин мүчөсү, тышкы иштер министри Ван И менен жолугушту. Бул тууралуу КР ТИМдин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, жолугушуу Нур-Султан шаарында «Борбордук Азия – Кытай» форматындагы тышкы иштер министрлеринин 3-жыйынынын алкагында өтүп, министрлер кыргыз-кытай мамилелеринин бир катар маселелерин талкуулады.

Тараптар саясий кызматташуунун, Борбордук Азиядагы коопсуздукту жана туруктуулукту камсыздоо боюнча өз ара аракеттенүүнүн жогорку деңгээлинде жүрүп жатканын белгилешти. Ошондой эле Кыргызстан менен Кытайдын ортосундагы соода-экономикалык мамилелерди мындан ары чыңдоонун маанилүүлүгүнө өзгөчө маани беришти.

Мындан сырткары, Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан темир жолун куруу долбоорун ишке ашыруу боюнча биргелешкен иштерди активдештирүүгө өзгөчө көңүл бурулду. Министрлер ошондой эле Бишкек шаарынын жолдорун реконструкциялоо жана КЭР өкмөтүнүн гранттык каражаттарынын эсебинен Кыргызстандын ирригациялык системасын жакшыртуу долбоорлорун жылдыруу маселесин талкуулашты.

Тараптар кыргыз-кытай мамлекеттик чек арасындагы өткөрмө пункттардагы соода жана жүк ташуу көлөмүн көбөйтүү боюнча күч-аракеттерди жумшоого макулдашты. Кытай тарап Кыргызстандан экологиялык жактан таза айыл чарба продукциясын импорттоого кызыкдар экенин билдирди.

Тараптар ошондой эле эки өлкөнүн ортосундагы аба каттамдарын жандандыруу жана жарандардын өз ара катташууларына коюлган чектөөлөрдү алып салуу маселелерин карашты.

Жолугушуу жылуу, достук маанайда өтүп, КР тышкы иштер министри Ж.Кулубаев Кытай Мамлекеттик Кеңешинин мүчөсү, тышкы иштер министри Ван Ини Кыргызстанга келип кетүүгө чакырды.

Пикир

Оставить комментарий