• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Кытай кыргызстандыктарга виза берүүнү жандантты

Коом 0

Бишкек, 18.03.23. /Кабар/. Кытай чет элдик жарандарга, анын ичинде Кыргызстандын жарандарына виза берүүнү кайра жандантты. Бул тууралуу КР Тышкы иштер министрлигинен билдиришти.

Белгиленгендей, Кытай ТИМнин Консулдук кызмат департаментинин маалыматына ылайык, жарандардын жүрүүсүн андан ары жеңилдетүү максатында 2023-жылдын 15-мартынан тартып Кытайдын аймагына чет өлкөлүк жарандардын кирүүсү үчүн аталган өлкөнүн визалык саясатына төмөнкүдөй түзөтүүлөрдү киргизүү чечими кабыл алынган:

- 2023-жылдын 15-мартынан тартып 2020-жылдын 28-мартына чейин берилген жана дагы эле жарактуулук мөөнөтүнүн чегинде болгон визалардын кирүү функциясы калыбына келтирилди (үстүбүздөгү жылдын 15-мартынан баштап, 2020-жылдын 28-мартына чейин мөөнөтү бүтө элек виза менен КЭР аймагына кирүү болот);

- КЭР визасын берүүчү Кытайдын чет өлкөлөрдөгү мекемелери Кытайга бара жаткан чет өлкөлүк жарандарга визанын бардык категорияларын кароону жана берүүнү кайра жандандырат.

Ошондой эле министрликтен белгилешкендей, кытай тарап менен Кытайдын айдоочулук визасын алууга арыз берүү үчүн электрондук кезекке катталууга орундардын санын көбөйтүү боюнча тийиштүү иштер жүргүзүлүп жатат.

КР ТИМи Кыргызстандын жарандарын ортомчулук түзүмдөрдүн тигил же бул категориядагы визаларды алууда ортомчулук кызматтарды көрсөткөн айрым адамдардын мыйзамсыз иштери жөнүндө маалымат болгон учурда Кыргызстандын укук коргоо органдарына кайрылууга чакырат.

Пикир

Оставить комментарий