• 89.51
  • 97.5
  • 0.97

Кытай Кыргызстандын жарандары үчүн 6 кошумча өкмөттүк стипендия бөлүүдө

Билим 1

Бишкек, 24.12.21. /Кабар/. Кытай Кыргызстандын жарандары үчүн 6 кошумча өкмөттүк стипендия бөлүүдө. Бул тууралуу КР Билим берүү жана илим министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, 2015-жылдын 16-декабрында Пекин шаарында кол коюлган КР Билим берүү жана илим министрлиги менен Кытай Эл Республикасынын Билим берүү министрлигинин ортосундагы билим берүү жаатындагы кызматташуу тууралуу макулдашуунун алкагында, КЭРдин Чет өлкөдө окуу фондун башкаруу боюнча мамлекеттик комитети Кыргызстандын жарандарынын Кытайдын жогорку окуу жайларында бакалавриат, магистратура, докторантура программалары боюнча билим алуусу жана тилдик такшалтмадан өтүүсү үчүн 2022-2023-окуу жылына карата 6 өкмөттүк стипендия бөлүп берүүдө.

Өтүнмөлөрдү кабыл алуу жана стипендиялык программага катышуу шарттары, ошондой эле алдын ала тандап алуу КРнын Билим берүү жана илим министрлигинин расмий сайтына («Жарыялар» бөлүмүнүн ичиндеги «Стипендиялар» бөлүгү) жана http://student.edu.gov.kg/ онлайн-системасына («2022-2023-окуу жылына карата Кытай Эл Республикасынын жогорку окуу жайларына тапшыруу») илинген жарыяларга ылайык жүзөгө ашырылат.

Эске сала кетсек, каалаган талапкерлер тандаган билим берүү деңгээлине ылайык http://student.edu.gov.kg/ онлайн-системасында каттоодон өтүп, зарыл болгон жерди толтуруусу, ошондой эле бардык талап кылынган документтерди 2022-жылдын 9-январына саат 23:59га чейин жүктөөсү зарыл.

Пикир

  • Билибаева Жанаргул Жолдошовна

    Билибаева Жанаргул Жолдошовна 2 years ago

    Рахмат

Оставить комментарий