• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Кытай Кыргызстанга 5 млн доза вакцина жана 50 млн юань өлчөмүндө коопсуздук тармагында жардам берет

Саясат 0

Бишкек, 06.02.22. /Кабар/. Кытай тарап Кыргызстанга коронавируска каршы кошумча 5 миллион доза вакцина жана 50 миллион юань (666 млн 560 миң сом) өлчөмүндө коопсуздук тармагында кайтарымсыз жардам берүү чечимин кабыл алды. Бул тууралуу Пекин шаарында Кытайдын төрагасы Си Цзиньпин менен КР президент Садыр Жапаровдун жолугушуусунда маалым болгондугун президенттин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматта айтылгандай, Си Цзиньпин кыргыз тарап менен түрдүү тармактарда кызматташууну кеңейтүүгө даяр экенин кошумчалаган.

Белгилей кетсек, мамлекет башчылары саясий, соода-экономикалык чөйрөлөрдө эки тараптуу мамилелердин актуалдуу маселелерин жана келечегин, ошондой эле биргелешкен ири долбоорлорго инвестиция тартууну талкуулашты.

Пикир

Оставить комментарий