• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Кытай Кыргызстанга гуманитардык жардамдын экинчи партиясын жөнөттү

Коом 0

Бишкек, 24.04.20. /Кабар/. Кытайдын Гуанчжоу шаарынын элдик өкмөтүнөн Кыргызстанга гуманитардык жардамдын экинчи партиясы жөнөтүлдү. Бул тууралуу коронавируска каршы Республикалык штабдан билдиришти.

Билдирүүгө ылайык, 20-апрелде Кыргызстанга Гуанчжоу шаарынын элдик өкмөтүнөн Гуандун провинциясынын Курулуш жана жасалгалоо материалдарын өндүрүүчүлөр ассоциациясынын бир катар компаниялары тарабынан даярдалган гуманитардык жардамдын экинчи партиясын Бишкек шаарына жөнөтүү аземи болуп өттү.

Гуманитардык жардам коронавирус инфекциясынын эпидемиясына каршы күрөшүүдөгү медицина кызматкерлери үчүн жеке коргонуучу каражаттар, беткаптар, термометрлерди өзүнө камтыйт жана Бишкек, Ош шаарларына багытталат.

Жүк "Жакын болуу үчүн аралык тоскоолдук кылбайт, биз кыйынчылыктарды чогуу жеңебиз", "Биргеликте күрөшөбүз!" деген ураандар менен коштолот.

Буга чейин жардамдар Фошань шаарынын элдик өкмөтүнөн Ош шаарына көрсөтүлгөн.

Пикир

Оставить комментарий