• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Кытай Кыргызстанга өрт өчүрүү-куткаруу бөлүмүн чыңдоого 95 млн юань бөлөт

Коом 0

Бишкек, 13.09.20. /Кабар/. Кытай Кыргызстандын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин өрт өчүрүү-куткаруу бөлүмүн чыңдоого 95 млн юань бөлөт.

Кытай Кыргызстанга өрт өчүрүү-куткаруу жабдыктарын алууга грант берет. Эки өлкөнүн өкмөтүнүн ортосундагы "Кыргызстандын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин өрт өчүрүү-куткаруу бөлүмүнүн техникалык мүмкүнчүлүгүн чыңдоо тууралуу" макулдашууга 2018-жылы кол коюлган.

Маалымат жыйыны учурунда КР тышкы иштер министри Айдарбеков ал макулдашуу тууралуу айтып берди.

Анын айтымында 100 өрт өчүрүү-куткаруу унаасы жана 15 өрт өчүрүү-куткаруу жабдыгы келери пландалган.

"Макулдашуунун жалпы суммасы 95 млн юань", - деди ал.

Пикир

Оставить комментарий