• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Кытай Түркмөнстандан 1 миллион медициналык беткап сатып алды

ММК БА ТУУРАЛУУ 0

Бишкек, 19.02.20. /Кабар/. Кытай Түркмөнстандан 200 миң долларга 1 миллион медициналык беткап сатып алды. Бул тууралуу «Интерфакс» агенттиги «Ориент» түркмөн порталына шилтеме кылып билдирди.

Агенттиктин маалыматына караганда, беткаптар үч катмардан турат жана бардыгы түркмөн ишканаларында өндүрүлгөн.

Түркмөнстанда адамдар коронавирус жуктурган учур каттала элек.

Өлкөнүн мамлекеттик басылмалары Кытайга медициналык беткап сатылгандыгы тууралуу кабарлашкан жок.

Акыркы бир сутканын ичинде Кытайда коронавирусту 1886 адам жуктуруп, бул ооруга чалдыккандардын жалпы саны 72 миң 436га жетти. 18-февралга карата жарыяланган маалыматтарга ылайык, вирустан 2000ден ашуун адам каза болуп, 12 552 киши айыкты.

Пикир

Оставить комментарий