• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Кытай тарап Кыргызстанда Лу Бандын өнөрканасын ачууга даяр — элчи

Коом 0

Бишкек, 11.02.22. /Кабар/. Кытайдын Кыргызстандагы элчилиси Ду Дэвэнь “Кабар” агенттигине маек куруп жатып эки өлкөнүн башчылары Садыр Жапаров менен Си Цзиньпиндин жолугушуусунда Кытай тарап Кыргызстан менен саламаттык сактоо, жакырчылыкты жоюу, кесиптик-техникалык билим берүү, аялдар жана жаштар жаатында кызматташууну кеңейтүүгө даяр экендиги билдиргенин айтты.

Анын айтымында, ошондой эле кытай тарап кесипкөй жана квалификациялуу кадрларды даярдоого жардам берүү үчүн Кыргызстанда Лу Бандын өнөрканасын ачууга даяр.

“Эки өлкө башчыларынын Пекиндеги жолугушуусунун жыйынтыктарын Кыргызстан менен Кытайдын ортосундагы маданий-гуманитардык кызматташууну мындан ары улантуу, ошондой эле эки мамлекет ортосундагы достук мамилелерди чыңдоого өбөлгө түзөт деп ишенем”, - деди элчи.

Эскерте кетсек, президент Садыр Жапаров 3-6-февраль аралыгында Кытайга иш сапары менен барып келген.

Пикир

Оставить комментарий