• 89.47
  • 96.43
  • 0.97

Кытай ТИМ башчысынын КРга болгон сапарынын күн тартибинде артыкчылыктуу маселелер көп – Айдарбеков

Саясат 0

Бишкек, 21.05.19. /Кабар/. Кытайдын тышкы иштер министри Ван Инин Кыргызстанга болгон сапарынын күн тартибинде артыкчылыктуу маселелер көп. Бул тууралуу кеңейтилген жыйындын жүрүшүндө КРнын ТИМ башчысы Чыңгыз Айдарбеков билдирди.

Ал белгилегендей, Кыргызстан кадырлуу коноктун сапарын бир гана эки тараптуу маселелерди талкуулоо үчүн эмес, Кытайдын төрагасы Си Цзиньпиндин Кыргызстанга боло турчу мамлекеттик визитине даярдыктарды көрүү жана анын ШКУга катышуусу боюнча абдан маанилүү этап катары баалайт.

Андан тышкары министр Ван Инин Кыргызстанга болгон сапарынын күн тартибинде артыкчылыктуу маселелер көп деп баса белгиледи.

“Биздин кызматташуу көп кырлуу – саясий-дипломаттык, маданий-гуманитардык, билим берүү, илимий-техникалык, соода-экономикалык кызматташуу. Кытай мамлекети соода жана түз инвестициялар боюнча биздин номур биринчи өнөктөшүбүз”, - деди Айдарбеков.

Ал эми Кытайдын ТИМ башчысы Ван И Кытай менен Кыргызстан стратегиялык өнөктөштөр деп белгиледи.

Ван И кошумчалагандай, эки коңшу өлкө артыкчылыктуу кызматташуунун босогосунда турушат. Ошондой эле ал белгилегендей, Кыргызстандын президенти Сооронбай Жээнбековдун Пекинде өткөн “Бир алкак-бир жол” форумуна катышуусу, ошол иш-чараны өткөрүүгө алгылыктуу салым кошту.

Пикир

Оставить комментарий