• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Кытай: Ухандагы оорукананын башкы дарыгери коронавирустан көз жумду

Дүйнө 0

Бишкек, 18.02.20. /Кабар/. Кытайдын Ухань шаарындагы "Учан" ооруканасынын башкы дарыгери Лю Чжимин коронавирустан көз жумду. Бул тууралуу өлкөнүн борбордук телеканалынан кабарлашты.

Күн мурун кытайдын соцтармактарында Лю Чжиминдин өлүмү тууралуу маалымат тараган. Бирок кийинчирээк билдирүү өчүрүлгөн. Бүгүн, эртең менен журналисттер дарыгердин жубайы менен байланышканда, ал күйөөсү тирүү экенин билдирген. Бирок көп өтпөй Лю Чжимин коронавирустун жаңы түрүн жуктуруп каза болгону катталган.

Лю Чжимин 1969-жылы Хубэй провинциясында туулган. 1991-жылы Ухань университетинде медициналык факультетин аяктаган.

ТАСС агенттигинин маалыматында, 14-февралда "Учан" ооруканасында медайымдын каза болгону айтылган. 69 жаштагы Лю Фан да аталган илдеттен көз жумган.

Акыркы маалыматтарга караганда, Кытайда коронавирустун жаңы түрүн жуктуруп алгандардын саны 72, 4 миң адамга жетти. Илдеттен 1,8 миң адам каза болуп, 12,5 миңи айыгып, ооруканадан чыгарылды.

Пикир

Оставить комментарий