• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

Кытай жана Өзбекстан премьерлери Абылгазиевди премьер-министр кызматына дайындалышы менен куттукташты

Өкмөт 0

Бишкек, 24.04.18 /Кабар/. Кытай Эл Республикасынын Мамлекеттик кеңешинин Премьери Ли Кэцян жана Өзбекстан Республикасынын Премьер-министри Абдулла Арипов Мухаммедкалый Абылгазиевди Кыргыз Республикасынын Премьер-министри кызматына дайындалышы менен куттукташты. Бул тууралуу өкмөттүн аппаратынын коомчулук жана ЖМК менен байланыш боюнча бөлүмү билдирди.

Куттуктоо билдирүүсүндө Ли Кэцян Кытай жана Кыргызстан стратегиялык өнөктөштөр жана дос коңшулар экендигин баса белгиледи. «Кытай Өкмөтүнүн жана жеке өзүмдүн атыман Сизди Кыргыз Республикасынын Премьер-министри болуп дайындалышыңыз менен куттуктап кетүүгө уруксат этиңиз. Сизге жогорку мамлекеттик кызматтагы ийгиликтерди каалайм», - деп айтылат куттуктоодо.

Ал эми Өзбекстан премьер-министри Абдулла Ариповдун куттуктоосунда төмөнкүдөй айтылат:

«Биз биргелешкен аракеттер менен эки тараптык кызматашууда орун алган бардык маселерде жетишилген жогорку деңгээлгеги конструктивдүү диалогду улантып, ошондой эле биздин өлкөлөрүбүздүн жана элдердин жыргалчылыгы үчүн стратегиялык өнөктөштүктү бекемдейбиз деп ишенем».

Ошондой эле Абдулла Арипов чың ден соолук, үй-бүлөлүк бакубатчылык жана ийгиликтерди каалады.

Пикир

Оставить комментарий